Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЗАБУР 119

«Жахабанын мыйзамы боюнча жашагыла»

«Жахабанын мыйзамы боюнча жашагыла»

Жахабанын мыйзамын аткаруу анын жетегине чын жүрөктөн баш ийүүнү билдирет. Ыйык Китепте, забурчуга окшоп, Кудайдын мыйзамын аткарган жана ага таянган көп кишилер жөнүндө жазылган.

Чындап бактылуу болушубуз Кудайдын мыйзамдарына карманганыбызга байланыштуу

119:1—8

Жашыя Жахаба Кудайдын жетегине толук баш ийген. Ал бактылуу жана ийгиликтүү болуш үчүн Жахабага бүт жүрөгү менен таянышы керектигин жакшы билген

Кудайдын Сөзү кыйынчылыктар менен күрөшүүгө кайрат берет

119:33—40

Жеремия пайгамбар өтө кыйын учурларда да бекем болуп, Кудайга таянган. Ал жөнөкөй жашап, Кудайдын берген тапшырмасын аягына чейин аткарган

Так билим ишенимдүүлүк менен кабар айтууга жардам берет

119:41—48

Элчи Пабыл Кудайдын кабарын айтуудан корккон эмес. Ал Кудайдын жардам берерине ишенгендиктен Феликс деген башкаруучуга тайманбай кабар айткан

Кайсы жагдайларда башкаларга ишенимдүүрөөк кабар айтсам болот?

  • Мектепте

  • Жумушта

  • Үйдө

  • Башка жерде