Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Эшикти кичинекей бала ачса...

Эшикти кичинекей бала ачса...

Кабар айтып жүргөндө эшикти кичинекей бала ачып калса, ата-энесин чакырышыбыз керек. Муну менен ата-энесин сыйлаарыбызды көрсөтөбүз (Нкл 6:20). Балдар үйгө кирүүнү сунуш кылып калышы мүмкүн. Андайда кирбей эле койгонубуз оң болот. Ал эми ата-энеси биз менен сүйлөшө албаса же үйдө жок болсо, башка убакта барганга аракет кылышыбыз зарыл.

Эшикти жашы жете элек, бирок чоңоюп эле калган бала ачса деле, ата-энесин чакырышын суранышыбыз керек. Эгер ата-энеси жок болсо, ата-энеси ага каалаган нерсесин окуганга уруксат берер-бербесин сурагыла. Эгер уруксат берсе, ага адабият сунуштасак же jw.org/ky сайтына кирип көрүүнү сунуштасак болот.

Айткан кабарыбызга кызыгып калган андай балдарга кайра жолугууга барганда ата-энеси менен жолуктурушун сурашыбыз кажет. Ошондо аларга кандай максатта келгенибизди түшүндүргөнгө жана Ыйык Китептеги үй-бүлөгө байланышкан пайдалуу кеңештер менен бөлүшкөнгө жакшы мүмкүнчүлүк болот (Зб 119:86, 138). Ата-энелерге урмат-сый көрсөткөнүбүз жакшы күбөлөндүрүү болот жана ошонун аркасында ал үйдөгүлөргө кабар айтууга дагы башка мүмкүнчүлүктөр пайда болушу мүмкүн (1Пт 2:12).