Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Кабар айтууга мүмкүнчүлүк түзүлө тургандай сөз баштоо

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Кабар айтууга мүмкүнчүлүк түзүлө тургандай сөз баштоо

Иса демилгени колго алып сөз баштагандыктан самариялык аялга расмий эмес жагдайда кабар айта алган. Чоочун кишилер менен сөз баштоо жагынан канткенде жакшыра алабыз?

  • Достук маанайда болгула жана адамдар менен маек курганга аракет кылгыла. Чарчап турса да, Иса жөн эле суу сурап туруп эле, сөз баштап кеткен. Мисалы, жылуу учурашып, анан аба ырайын же жакында эле болуп өткөн кайсы бир окуяны кеп кылсаңар болот. Башында тек гана сөз баштоону максат кылып алгыла, анан адамга кызыктуу болушу мүмкүн болгон кайсы бир темада сөз баштагыла. Эгер сөз андан ары уланбаса, кейибегиле. Дагы башка бирөө менен сүйлөшкөнгө аракет кылгыла. Жахабадан кайраттуулук сурап тиленгиле (Нек 2:4; Элч 4:29).

  • Жакшы кабар айтууга оңтойлуу учур түзүлгөнүн баамдай билгиле, ошол эле учурда шашпагыла. Маек табигый жол менен өрчүгүдөй болсун. Анткени адамды мажбурлай турган болсоңор, ал ыңгайсыз болуп, сүйлөшкүсү келбей калышы мүмкүн. Кабар айтканга чейин эле маегиңер бүтүп калса, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Эгер кабар айта баштоо силер үчүн кыйынга турса, кабар айтуу максатында эмес, жөн эле сүйлөшүүгө аракет кылгыла [1-видеону көрсөтүп, талкуула.]

  • Күбөлөндүрүүгө өзүңөр шарт түзгөнгө аракет кылгыла. Мисалы, ишенген нерселериңер тууралуу чын ыкластан айтып бергиле. Ошондо маектешиңер суроо берүүгө түрткү алышы мүмкүн. Иса бүйүрдү кызыткан нерселерди айтып бергендиктен, самариялык аял суроо берүүгө түрткү алган. Иса ал аялдын суроосуна жооп берип жатып эле жакшы кабар айта берген. [2-видеону көрсөтүп, талкуула. Андан кийин 3-видеону көрсөтүп, талкуула.]