Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЖАКАН 3, 4

Иса самариялык аялга кабар айткан

Иса самариялык аялга кабар айткан

4:6—26, 39—41

Исанын расмий эмес жагдайда кабар айтканы эмне үчүн натыйжалуу болгон?

  • 4:7. Иса маекти Падышалык жөнүндө же өзүнүн Машаяк экени жөнүндө айтуу менен эмес, ичкенге суу суроо менен баштаган

  • 4:9. Иса самариялык аялдын улутуна карата бейкалыс көз карашта болгон эмес

  • 4:9, 12. Самариялык аял талаш жарата турган ойлорду айтканда, Иса ага көңүл бурбай, маегин сылыктык менен уланта берген (cf 77-б., 3-абз.)

  • 4:10. Иса өзүнүн ким экенин аялдын күнүмдүк жашоосунан алынган мисал аркылуу ачып берген

  • 4:16—19. Самариялык аял адеп-ахлаксыз жашоо өткөрсө да, Иса анын кадыр-баркын сыйлаган

Бул окуя расмий эмес жагдайда күбөлөндүрүүнүн маанилүүлүгүн кандайча көрсөтүп турат?