Иса бир жолу шакирттерине түшүнүүгө кыйын болгон мисал айтканда, айрымдар мүдүрүлүп, андан ары анын жолун жолдобой калышкан. Ошондон бир күн мурун эле Иса аларды керемет жолу менен тойгузуп, анын күчү Кудайдан экенин айкын көрсөткөн. Анда эмне үчүн алар мүдүрүлүшкөн? Алар Исаны туура эмес ниет менен, өз кызыкчылыгын ойлогондуктан, ээрчип жүргөн көрүнөт. Алар Иса менен андан пайда көрүш үчүн чогуу жүрүшкөн.
Ар бирибиз: «Исанын жолун эмне үчүн жолдойм? Азыр жана келечекте бата алыш үчүн элеби? Же Жахабаны сүйгөндүктөн жана аны кубандыргым келгендиктенби?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек.
Эгер Жахабага төмөнкү нерселерден улам гана кызмат кылып жүрсөк, эмне үчүн мүдүрүлүп калышыбыз мүмкүн?
-
Кудайдын элинин арасында болууну каалоо
-
Бейиште жашоону каалоо