Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Аймагыңдагы ар бир кишини Эскерүү кечесине чакыр!

Аймагыңдагы ар бир кишини Эскерүү кечесине чакыр!

27-февралда баштала турган өнөктүк учурунда мүмкүн болушунча көп адамдарды Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине чакырууга аракет кылабыз. Ошондой эле жакшы уккандарга кайра сөзсүз барып, кызыгуусун арттырганга умтулабыз.

КАНДАЙ КАДАМДАРДЫ КЫЛСА БОЛОТ?

СУНУШТООҢДУ АЙТ

«Биз баарын абдан маанилүү кечеге чакырып жүргөнбүз. 23-мартта дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүүгө чогулушат. Ал кечеде Иса Машаяктын эмне үчүн өлгөнү, ошонун аркасында адамзат кандай пайда алары түшүндүрүлгөн, Ыйык Китепке негизделген баяндама айтылат. Бул чакыруу баракчасында кеченин канчада, кайсы жерде болору көрсөтүлгөн. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, келип кетиңиз».

Кызыгып калса...

  • «КҮЗӨТ МУНАРАСЫН» СУНУШТА

    Кайра жолугууга негиз сал.

  • ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ЖӨНҮНДӨГҮ ВИДЕОНУ КӨРСӨТ

    Кайра жолугууга негиз сал.

Кайра барганда...

  • «ЭМНЕ ҮЧҮН ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДЕШИБИЗ КЕРЕК?» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРСӨТ

    Анан Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген адабиятты сунушта.

  • «ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЧЫНЫНДА ЭМНЕ ДЕЛЕТ?» КИТЕБИН СУНУШТА

    206—208-беттердеги маалыматтын негизинде Эскерүү кечесинин маанисин кененирээк түшүндүрүп бер. Анан китепти сунушта.

  • «КУДАЙДЫ УККУЛА!» КИТЕПЧЕСИН СУНУШТА.

    18, 19-беттердеги маалыматтын негизинде Иса Машаяктын өлүмүнүн маанисин түшүндүрүп бер. Анан китепчени сунушта.