КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Балдарыңарга Жаратканга ишенүүгө жардам бергиле
Жаратылыш Жахабанын даңкын жар салат (Зб 19:1—4; 139:14). Бирок Шайтандын дүйнөсү тиричилик кантип пайда болгонуна байланыштуу Кудайдын бар экенин четке каккан теорияларды жайылтып келет (Рм 1:18—25). Андай теориялар балаңардын акылын, жүрөгүн ээлеп албашы үчүн аларды кантип коргой аласыңар? Аларга кичинесинен эле Жахабанын бар экенине, аларга кам көрөрүнө ишенүүгө жардам бергиле (2Кр 10:4, 5; Эф 6:16). Балаңардын жүрөгүн козгоого шарт түзгөн куралдарды колдонуп, алардын мектептен уккандарына карата кандай ойдо экенин билүүгө аракеттенгиле (Нкл 20:5; Жкп 1:19).
«КУДАЙГА ИШЕНҮҮ» ДЕГЕН ТАСМАНЫ КӨРГӨНДӨН КИЙИН ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРДУ ТАЛКУУЛАГЫЛА:
Кудайга ишенүүгө байланыштуу кандай уламыш бар?
Мектебиңде эмне деп окутат?
Жахабанын бар экенине эмне үчүн ишенесиң?
Кимдир бирөөнү баарын Кудай жаратканына кантип ишендирет элең?