Машаяк биз үчүн азап тарткан
«Адамды эл баркка албай, андан оолактады... Биз болсо ага сокку урган, аны азап тарттырган, кыйнаган Кудай деп ойлогонбуз»
-
Иса Машаяк мазакталып, кордолуп кылмышкерлер менен бирге жазага тартылган. Айрымдар аны Кудай жазалап жатат деп ойлошкон
«Жахаба анын азап чегишин туура көрдү... Анын колу Жахабанын эркине туура келгенди ишке ашырат»
-
Уулун өлтүрүп жатышканда, Жахабанын жүрөгү сыздаган. Бирок ал Иса Машаяктын берилгендик сактаганына кубанган. Исанын өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүүлүгүн сактаганы Кудайдын кызматчыларынын берилгендигин талашка салган Шайтандын айткандарын төгүнгө чыгарган жана өкүнгөн адамзатка пайда алып келген. Бул «Жахабанын эркинин» аткарылышына шарт түзгөн