Шаттыкка бөлөгөн жаңы асман менен жаңы жер
Жахабанын баарын калыбына келтирери тууралуу Ышая 65-бөлүмдөгү убадасы сөзсүз аткарыла тургандыктан, Ал аны жасап жаткандай кылып, учур чакта айткан
Жахаба жаңы асманды, ошондой эле мурункулар мындан ары эскерилбей турган жаңы жерди жаратууда
Жаңы асман эмнени билдирет?
-
Жаңы асман жер бетине адилдикти орното турган жаңы өкмөттү билдирет
-
Ал өкмөт 1914-жылы Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары такка отурганда башкара баштаган
Жаңы жер эмнени билдирет?
-
Жаңы жер асмандагы жаңы өкмөттүн бийлигине чын жүрөктөн баш ийген бардык улуттагы, тилдеги, расадагы адамдарды билдирет
Мурункулар кандайча эскерилбей калат?
-
Жүрөккө так калтыра турган нерселер — денебизди, акыл-эсибизди жана жан дүйнөбүздү жабыркаткан нерселердин баары — болбойт
-
Кудайга ишенимдүү болгон адамдар жашоонун ыракатын көрүп, ар бир өткөн күндү жылуу сезим менен гана эскеришет