Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Үмүт менен кубангыла

Үмүт менен кубангыла

Үмүттү кеме казыкка салыштырса болот (Ев 6:19). Ал бизди каймана маанидеги бороон-чапкында рухий жактан кыйрап калуудан сактайт (1Тм 1:18, 19). Андай бороон-чапкынга кетирген каталарыбыз, үй-жайдан, буюм-тайымдан кол жууп калуу, узакка созулган оору, жакыныбыздан айрылуу, кынтыксыздыгыбызга коркунуч туудурган жана башка нерселер кирет.

Ишеним, үмүт Кудай убада кылган сыйлыктан көздү албоого көмөк кылат (2Кр 4:16—18; Ев 11:13, 26, 27). Майланганбызбы же жерде жашоого үмүттөнөбүзбү, Ыйык Китептеги убадалар тууралуу дайыма ой жүгүртүп, үмүтүбүздү бекем сакташыбыз керек. Ошентсек, кыйынчылыкка учурунда кайгыга чөкпөйбүз (1Пт 1:6, 7).

«ҮМҮТ МЕНЕН КУБАНГЫЛА» ТАСМАСЫН КӨРГӨН СОҢ БУЛ СУРООЛОРДУ ТАЛКУУЛА:

  • Муса пайгамбар кандай үлгү калтырган?

  • Үй-бүлө башчыларына кандай жоопкерчилик артылган?

  • Үй-бүлө менен сыйынуу кечинде кайсы темаларды талкууласаңар болот?

  • Кыйынчылыктан коркпогонго үмүт кандайча жардам берет?

  • Эмнени чыдамсыздык менен күтүп жатасыңар?