Үлгү иретиндеги сунуштоолор
«ОЙГОНГУЛА!»
Суроо: Айрым билдирүүлөргө ылайык, акыркы учурларда өспүрүмдөр арасында депрессия болгондордун саны барган сайын өсүүдө. Бул көйгөйдү кантип чечсе болот деп ойлойсуз?
Адабият: Бул журналда өспүрүмдөр депрессия менен кантип күрөшсө болору жана ата-энелер кантип жардам бере аларына байланыштуу кеңештер жазылган.
ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ЧЫНДЫКТЫ ОКУТУУ
Суроо: Канткенде жубайлар бактылуу боло алышат?
Аят: Эф 5:33
Чындык: Жубайлар ортодогу мамилеси сүйүүгө, урмат-сыйга негизделгенде бактылуу болушат.
«КУДАЙДАН КЕЛГЕН ЖАКШЫ КАБАР» (fg)
Сунуштоо: Мен сизге Ыйык Китепти акысыз изилдөөнү сунуштайын дегем. Бул китепченин жардамы менен суроолорубузга Ыйык Китептин өзүнөн жооп таба алабыз.
Суроо: Ыйык Китепти окуп көрдүңүз беле? Китепчени изилдөө абдан оңой. Кааласаңыз, көрсөтүп берейин. [2-бөлүмдүн 1-суроосун талкуула.]
Аят: Аян 4:11
ӨЗҮҢДҮН СУНУШТООҢДУ ДАЯРДА
Жогоруда көрсөтүлгөн сунуштоолордун негизинде өз сунуштооңду даярда.