Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | МАТАЙ 12, 13

Буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисал

Буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисал

Иса пайгамбар буудай менен отоо чөптү мисал кылып, буудайга салыштырылган өзүнүн майланган жолдоочуларын качан жана кантип тандай турганын жана чогултарын көрсөткөн.

13:24

Бир киши талаасына жакшы үрөн сепкен

  • Себүүчү: Иса Машаяк

  • Жакшы үрөндүн себилиши: Иса пайгамбардын шакирттеринин ыйык рух менен майланышы

  • Талаа: Адамзат жашаган дүйнө

13:25

«Баары уктап жатканда, душманы келип, буудайдын арасына отоо чөптүн уругун сээп кеткен»

  • Душман: Ибилис

  • Баарынын уктап жатышы: Элчилердин өлүшү

13:30

«Орок маалына чейин экөө тең өсө берсин»

  • Буудай: Исанын майланган жолдоочулары

  • Отоо чөп: Машаяктын жолдоочусу атангандар

«Адегенде отоо чөптөрдү жулгула да,.. андан кийин барып, буудайды... жыйнагыла»

  • Кулдар/орокчулар: Периштелер

  • Отоо чөптөрдүн жулунушу: Машаяктын жолдоочусу атангандардын Машаяктын чыныгы жолдоочуларынан бөлүнүшү

  • Буудайдын кампага жыйналышы: Исанын майланган жолдоочуларынын калыбына келтирилген жыйналыштарга чогултулушу

Орок маалы башталганда, Исанын чыныгы жолдоочулары анын жолдоочусу атангандардан өзгөчө эмнеси менен айырмаланып турушкан?

Бул мисалдын маани-маңызын түшүнүүнүн жеке мага кандай пайдасы бар?