Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | МАТАЙ 14, 15

Аз эле киши аркылуу көптөрдү азыктандырууда

Аз эле киши аркылуу көптөрдү азыктандырууда

Б.з. 32-жылынын Пасах майрамынын алдында Иса пайгамбар керемет кылган. Ал керемет тууралуу Инжилди жазган төрт шакирт тең баяндаган.

Ал ошол керемет аркылуу азыркы күнгө чейин кандай иш аткарыларын көрсөткөн.

14:16—21

  • Беш наны менен эки балыгы эле болсо да, Иса пайгамбар шакирттерине калың элди тойгузууну айткан

  • Иса пайгамбар беш нан менен эки балыкты алган да, Кудайдан тиленип, шакирттерине берген. Алар өз кезегинде элге таратышкан

  • Кереметтин аркасында нан менен балык баары тоё жегенден кийин да артып калган. Иса пайгамбар аз эле киши аркылуу көптөрдү азыктандырган

  • Иса пайгамбар акыркы күндөрдө кимдир бирөөлөрдү, «өз убагында [рухий] тамак берип турушу үчүн», дайындай турганын алдын ала айткан (Мт 24:45)

  • 1919-жылы Иса Машаяк «ишенимдүү жана акылдуу кулду», өзүнүн майланган бир туугандарынын чакан тобун, «үйүндөгүлөрүнүн» үстүнөн аларды азыктандырып турушу үчүн койгон

  • 1-кылымда аз эле киши аркылуу көптөрдү тойгузгандай эле, Машаяк майланган бир туугандарынын ошол чакан тобу аркылуу көптөрдү азыктандырууда

Иса Машаяктын рухий тамак менен камсыз кылыш үчүн көргөн чарасына ыраазы экенимди, аны баалаарымды кантип көрсөтө алам?