Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Ата-энеңди сыйла»

«Ата-энеңди сыйла»

Иса пайгамбар жерде жашап жүргөндө «ата-энеңди сыйла» деген осуяттын маанилүүлүгүн баса белгилеген (Чг 20:12; Мт 15:4). Ал өзү кичинекей чагында «ата-энесине баш ийип, дайыма тил алчаак болгондуктан» башкаларга да ушундай кеңеш бере алган (Лк 2:51). Чоңойгондо болсо, ал өлгөндөн кийин кам көрүшү үчүн, энесин бирөөгө табыштап кеткен (Жн 19:26, 27).

Биздин күндөрдө Кудайдын жолундагы жаштар ата-энесин сыйлаарын кантип көрсөтө алышат? Алардын тилин алып, урмат-сый менен сүйлөп көрсөтө алышат. Негизи, ата-энени сыйлоого байланыштуу осуят эч качан эскирбейт. Ата-энебиз улгайып калган күндө да, биз аларды кадырлап турушубуз, даанышман насаат сөздөрүн капка сала беришибиз керек (Нкл 23:22). Ошондой эле жылуу сөзүбүз менен дем-күч берип, акча жагынан көмөктөшүп турганыбыз маанилүү (1Тм 5:8). Жашпызбы же жашыбыз өтүп калдыбы, ата-энебизди сыйлоонун эң маанилүү жолу — алар менен дайыма пикирлешип туруу.

«АТА-ЭНЕМ МЕНЕН КАНТИП СҮЙЛӨШСӨМ БОЛОТ?» ДЕГЕН ТАСМАНЫ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Эмне үчүн ата-энең менен сүйлөшүү кыйынга турушу мүмкүн?

  • Ата-энең менен сүйлөшүп жатканда аларды сыйлаарыңды кантип көрсөтө аласың?

  • Ата-энең менен дайыма сүйлөшүп туруунун натыйжасы кандай болот? (Нкл 15:22)

Ата-энең менен сүйлөшүүнүн аркасында көп ийгиликке жетесиң