Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МЫКТЫ КЫЗМАТЧЫ БОЛГОНГО УМТУЛАЛЫ

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Суроолорду натыйжалуу колдонолу

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Суроолорду натыйжалуу колдонолу

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Эгер «адамдын жүрөгүндөгү ойлор... терең суулар» болсо, анда суроолорду аларды сузуп ала турган чөмүчкө салыштырууга болот (Нкл 20:5). Суроолор башкаларды сөзгө тартууга жардам берет. Кылдат даярдалган суроолор маанилүү нерселерди билип алууга да шарт түзөт. Иса пайгамбар суроолорду натыйжалуу колдонгон. Андан кандай үлгү алсак болот?

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Көз карашын билүү үчүн берилген суроолорду колдонгула. Иса пайгамбар шакирттеринин көз карашын билиш үчүн бир катар суроолорду узаткан (Мт 16:13—16; be 238-б., 2—4-абз.) Кимдир бирөөнүн көз карашын билиш үчүн кандай суроолорду колдонсоңор болот?

  • Туура тыянак чыгарууга жардам берген суроолорду колдонгула. Петирдин ой жүгүртүүсүн тууралаш үчүн Иса ага туура тыянак чыгарууга жардам берген суроолорду берип, болжолдуу жоопторун айткан (Мт 17:24—26). Туура жыйынтык чыгарууга жардам берген кандай суроолорду колдонсоңор болот?

  • Угуучуларыңарды мактагыла. Бир китепчи «акылдуулук менен жооп бергенде», Иса аны мактаган (Мр 12:34). Суроого жооп берген адамды кантип мактасаңар болот?

«ИСА МАШАЯК АТКАРГАН ИШТИ КЫЛГЫЛА. ОКУТКУЛА» ДЕГЕН ТАСМАНЫН 1-БӨЛҮГҮН КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Маалымат так болсо да, жарчынын окутканы эмне үчүн туура эмес болду?

  • Маалыматты түшүндүрүп бергенден тышкары, эмне кылышыбыз керек?

ЖОГОРУДАГЫ ТАСМАНЫН 2-БӨЛҮГҮН КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Жарчы суроолорду кандайча натыйжалуу колдонду?

  • Жарчынын окутуу ыкмаларынын дагы кайсы жактарын туурасак болот?

Окутканыбыз башкаларга кандай таасир этет? (Лк 24:32)