Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | МАТАЙ 18, 19

Өзүңөрдү жана башкаларды мүдүрүлткөндөн сак болгула

Өзүңөрдү жана башкаларды мүдүрүлткөндөн сак болгула

Иса пайгамбар өзүбүздү жана башкаларды мүдүрүлткөнүбүздүн канчалык олуттуу экенин көрсөтүш үчүн бир нече мисал келтирген.

18:6, 7

  • «Мүдүрүлтүүчү таш» деген адамды туура эмес жолго түрткөн, анын адеп-ахлактык жактан мүдүрүлүп же жыгылып калышына, же болбосо күнөөгө батышына себеп болгон иш-аракетке же жагдайга карата айтылган.

  • Башка бирөөнү мүдүрүлткөн кишинин «мойнуна эшек айланткан тегирмен ташын байлап, деңиздин терең жерине чөктүрүп жиберишсе жакшы болмок»

Тегирмен таштары

18:8, 9

  • Иса жолдоочуларына, эгер мүдүрүлтүп жатса, атүгүл кол же көз сыяктуу баалуу нерселерден арылууну кеңеш кылган

  • Ушундай баалуу нерселерди сактап калып, бирок толук жок болуунун символу болгон гээнага ташталгандан көрө, алардан айрылып, Кудайдын Падышалыгына кирген артык

Жашоомдо мени эмне мүдүрүлтүшү мүмкүн? Канткенде өзүмдү жана башкаларды мүдүрүлткөндөн сак боло алам?