Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Туруктуулук менен күтө бер

Туруктуулук менен күтө бер

Кудайдын Падышалыгын канча убактан бери күтүп келатасың? Кыйынчылыктарга карабай туруктуулук көрсөтүп жатасыңбы? (Рм 8:25). Жек көрүүчүлүккө, туура эмес мамилеге кабылган, түрмөгө камалган же атүгүл өлүм менен беттешкен бир туугандар бар. Дагы башкалары өнөкөт оорунун же карылыктын азабын тартып келишет.

Кандай сыноого туш болбойлу, туруктуулук менен күткөнгө эмне жардам берет? Ан үчүн Ыйык Китепти күндө окуп, ой жүгүртүү менен ишенимибизди «багышыбыз» керек. Көңүлүбүздү үмүткө топтоо маанилүү (2Кр 4:16—18; Ев 12:2). Ошондой эле ыйык рух беришин сурап, Жахабага жалынып-жалбарышыбыз керек (Лк 11:10, 13; Ев 5:7). Асмандагы мээримдүү Атабыз «акырына чейин чыдамкайлык, кубаныч менен туруктуу болгонго» жардам берет (Кл 1:11).

«ТУРУКТУУЛУК МЕНЕН ЧУРКАГЫЛА. СЫЙЛЫК АЛАРЫҢАРГА ШЕКТЕНБЕГИЛЕ» ДЕГЕН ВИДЕОТАСМАНЫ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Жашоодо кандай «күтүлбөгөн жагдайларга» кабылышыбыз мүмкүн? (Нс 9:11)

  • Сыноого кабылганда тиленүү кандайча жардам берет?

  • Эгер Жахабага мурдагыдай кызмат кыла албай калсак, эмне үчүн кыла ала турган нерселерге көңүл топтошубуз керек?

  • Сыйлыктан көзүңдү алба

    Сыйлык аларыңа шектенбегенге эмне жардам берет?