Зайтун дарагы жөнүндөгү мисал
Зайтун дарагынын сөңгөгү менен бутактары эмнени билдирет?
-
Дарак Кудайдын Ыбрайым менен түзүлгөн келишимине байланышкан ой-ниетинин аткарылышын билдирет
-
Сөңгөгү Ыбрайымдын тукумунун негизги бөлүгү болгон Исаны билдирет
-
Бутактары Ыбрайымдын тукумунун экинчи даражадагы бөлүгү болгон майлангандардын баарын билдирет
-
«Кыйылган» бутактар Исаны кабыл албай койгон жүйүттөрдү билдирет
-
«Кыйыштырылган» бутактар башка элдерден тандалган жана рух менен майланган Исанын жолдоочуларын билдирет
Пайгамбарлык сөздө айтылгандай, Ыбрайымдын тукуму — Иса менен 144 000 — аркылуу «жер жүзүндөгү бардык элдер» бата алат (Рм 11:12; Бш 22:18)
Ыбрайымдын тукумуна байланышкан убадасын кантип аткарганынан Жахаба жөнүндө эмнени билсем болот?