Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Ийгилик кылбагандар менен изилдөөнү токтотуу

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Ийгилик кылбагандар менен изилдөөнү токтотуу

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Куткарылыш үчүн адамдар Жахабанын ысмын чакырышы керек (Рм 10:13, 14). Анткен менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгондордун баары эле Жахабанын талаптарына карманып жашагысы келбейт. Биз кызматка арнаган баалуу убактыбызды Жахабага жагыш үчүн чындап өзгөргүсү келгендерге жумшагыбыз келет. Эгер кызыгуучу, жетиштүү убакыт өтсө да, ийгилик жасабаса, күч-аракетибизди Жахаба өзүнө жана уюмуна жакындатып жаткандарга бурганыбыз акылдуулукка жатат (Жн 6:44). Албетте, убакыттын өтүшү менен ал «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта» экенин көрсөтө баштаса, изилдөөнү кайра улантсак болот (Элч 13:48).

КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Кызыгуучуну так билим алгысы келип жатканы үчүн макта (1Тм 2:4)

  • Үйрөнгөндөрүн колдонгону маанилүү экенин баса белгиле (Лк 6:46—49)

  • Исанын себүүчү жөнүндөгү мисалын жылуу-жумшак талкуулап, аны эмне кармап жатканы жөнүндө ойлонуп көрүүгө чакыр (Мт 13:18—23)

  • Изилдөөнү эмне үчүн токтотууну чечкениңди сылыктык менен түшүндүр

  • Мезгил-мезгили менен ал-жайын сурап турарыңды, өзгөрсө, изилдөөнү кайра улантса болорун айт

ВИДЕОТАСМАНЫ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕР:

  • Изилдеп жаткан кишинин рухий ийгилик кылбай жатканын көрсөткөн маектен эмнени байкадың?

  • Жарчы изилдеп жаткан кишиге өзгөрүшү керектигин түшүнүүгө кантип жардам берди?

  • Жарчы кийин изилдөөнү кайра улантса болорун кантип билдирди?