КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Жахабага кызмат кылууну танда
Эгер жаш чөмүлө элек жарчы болсоң же Ыйык Китепти изилдеп жүрсөң, чөмүлүүнү максат кылып жатасыңбы? Бул эмне үчүн маанилүү? Анткени өмүрүңдү Жахабага арнап, чөмүлгөндөн кийин аны менен өзгөчө мамиледе болосуң (Зб 91:1). Бул куткарылууга да жол ачат (1Пт 3:21). Анда арналып, чөмүлүш үчүн эмне кылсаң болот?
Чындык жолунда жүргөнүңө жеке өзүң ынанышың керек. Суроолор туулса, өз алдыңча изилдөө жүргүз (Рм 12:2). Кайсы жактарыңды өзгөртүшүң керектигин аныкта. Өзгөргөнгө Жахабага жаккың келген каалоо түрткү бериши зарыл (Нкл 27:11; Эф 4:23, 24). Жахабадан дайыма жардам сурап тилен. Анын сага күч берип, кубаттуу ыйык руху менен колдой турганына такыр шектенбе (1Пт 5:10, 11). Жумшаган күч-аракетиңдин акыбети сөзсүз кайтат. Жахабага кызмат кылгандан өткөн мыкты жол жок! (Зб 16:11).
«ЧӨМҮЛҮҮГӨ АЛЫП БАРГАН ЖОЛ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕР:
-
Айрымдарга чөмүлгөнгө эмнелер тоскоолдук кылат?
-
Өзүңдү Жахабага арнаш үчүн канткенде ишенимиңди өрчүтө аласың?
-
Кээ бирөөлөргө чөмүлгөнгө эмне түрткү берген?
-
Жахабага кызмат кылууну тандагандар кандай бата алышат?
-
Арналуу жана чөмүлүү эмнени билдирет?