КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Коломто отун өчүрбөгүлө
Жахаба жубайлардын баш кошкондо берген убадасына олуттуу карайт. Ал алардын ынак болушу керектигин айткан (Мт 19:5, 6). Кудайдын элинин арасында бактылуу жубайлар көп. Бирок төгөрөгү төп келген нике жок, ошон үчүн казан-аяк кагышпай койбойт. Дүйнөдө көптөр кыйынчылык болгондо, шак эле бөлөк жашоону же ажырашууну ойлонушат. Биз мындан сак болушубуз керек. Коломто отун өчүрбөш үчүн түгөйлөр эмне кылса болот?
Буга байланыштуу 5 кеңешти карап көрөлү.
-
Жүрөгүңөрдү коргогула. Ан үчүн нике түйүнүн ыдыраткан флирттен, туура эмес каалоолорду ойготкон көңүл ачуунун түрлөрүнөн качкыла (Мт 5:28; 2Пт 2:14).
-
Жахаба менен мамилеңерди бекемдегиле. Үй-бүлөлүк жашооңорду ага жаккандай өткөрүүгө умтулгула (Зб 97:10).
-
Мындан ары да жаңы табиятты кие бергиле. Кичинекей эле жакшы иштерди кылсаңар, жарыңарга аз болсо да жеңил болот (Кл 3:8—10, 12—14).
-
Бири-бириңер менен жылуу-жумшак, чер жазыша сүйлөшкүлө (Кл 4:6).
-
Жубайлык милдетиңерди назиктик, сүйүү менен аткаргыла (1Кр 7:3, 4; 10:24).
Кудайдын кызматчылары никени жогору бааласа, анын Негиздөөчүсү Жахабаны даңктайт.
«ТУРУКТУУЛУК МЕНЕН ЧУРКАГЫЛА. ЭРЕЖЕГЕ КАРМАНГЫЛА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Баары жакшы башталса да, никеде кандай кыйынчылыктар болот?
-
Ыйык Китептеги принциптер ортодо сүйүүсү муздап калгандай сезилген жубайларга кантип жардам берет?
-
Жахаба жубайлар үчүн кандай эрежелерди бекиткен?
-
Бактылуу болуш үчүн жубайлардын экөө тең эмне кылышы керек?