Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жыйындар сүйүү көрсөтүүгө шарт түзөт

Жыйындар сүйүү көрсөтүүгө шарт түзөт

Жыл сайын өткөрүлгөн жыйындарды эмне үчүн жакшы көрөбүз? Байыркы Ысрайылдагы майрамдар сыяктуу эле, бүгүнкү күндө жыйындар жүздөгөн, атүгүл миңдеген ишенимдештерибиз менен Жахабага сыйынууга шарт түзөт. Ал жактан мол рухий тамактан даам сызып, кубанычка бөлөнөбүз. Ошондой эле досторубуз, үй-бүлөбүз менен көңүлдүү убакыт өткөрөбүз. Эгер жыйындарды жогору бааласак, бир да күнүн калтырбай катышабыз.

Жыйынга барганда өзүбүздүн кандай пайда аларыбыз жөнүндө эле эмес, башкаларга кантип сүйүү көрсөтсөк болору жөнүндө да ойлонушубуз керек (Гл 6:10; Ев 10:24, 25). Кайсы бир ишенимдешибизге эшик ачып берсек же керектүү орундарды эле ээлесек, башкалардын кызыкчылыктарын көздөй турганыбызды көрсөтөбүз (Фп 2:3, 4). Жыйындардан жаңы досторду да таба алабыз. Жыйынга чейин же андан кийин же болбосо тыныгуу учурунда кимдир бирөө менен таанышканга аракет кылсак болот (2Кр 6:13). Мунун аркасында алар менен түбөлүккө дос болуп калышыбыз мүмкүн. Баарынан маанилүүсү, башкалар сүйүүбүздү көргөндө Жахабага сыйынууга түрткү алышы этимал (Жн 13:35).

«„СҮЙҮҮ ЭЧ КАЧАН ЖОК БОЛБОЙТ!“ ДЕП АТАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ЖЫЙЫНДАР» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • 2019-жылдагы эл аралык жыйындарда башка өлкөлөрдөн келген делегаттарга кандайча сүйүү көрсөтүлгөн?

  • Жахабанын элинин арасындагы биримдик, сүйүү эмнеси менен өзгөчө?

  • Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү сүйүүнүн кайсы жактарын белгиледи?

  • Жыйындарда канткенде сүйүүгө салым кошо аласың?

    Германияда жана Түштүк Кореяда сүйүү бир туугандарыбызды кандайча бириктирген?

  • Эмне кылганга чечкиндүү болушубуз керек?