Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Ата-энелер, балдарыңарды жамандыктан качканга үйрөткүлө

Ата-энелер, балдарыңарды жамандыктан качканга үйрөткүлө

Азыр адамдар жаманды жакшыдай, жакшыны жамандай көрсөтүшөт (Ыш 5:20). Өкүнүчтүүсү, айрымдар Жахаба жек көргөн иштерге барышат. Мисалы, өзүнүн жынысындагы адамдар менен бузукулук кылышат. Сүйүктүү жаштарыбызды болсо классташтары же дагы башкалар жаман иштерге азгырышат. Балдарыңарды ушул сыяктуу азгырыктарга туруштук бергенге кантип даярдасаңар болот?

Аларга Жахабанын бийик нормаларын окутуп-үйрөткүлө (Лб 18:3). Ыйык Китепте жыныстык мамиле тууралуу эмне деп айтыларын жашына жараша түшүндүрүп тургула (Мз 6:7). Мындай деп ойлонуп көргүлө: «Балама кыз менен жигиттин ортосундагы орундуу мамиле кандай болорун, адептүү кийинүүнүн маанилүү экенин, өзүнүн жеке ою болушу керектигин түшүндүрүп жатамбы? Бирөө порнография көрүүгө же Жахабага жакпаган иштерди кылууга азгырганда, балам эмне кылышты билеби?» Эгер балдарыңарга ушул сыяктуу нерселерди күн мурун түшүндүрсөңөр, көп азаптан алыс болосуңар (Нкл 27:12; Нс 7:12). Аларды окутуп-үйрөткөнүңөр Жахаба берген баалуу мурасты баалап жатканыңардан кабар берет (Зб 127:3).

«КЫЙРАБАЙ ТУРГАНДАЙ ҮЙ КУРГУЛА. БАЛДАРЫҢАРДЫ ЖАМАНДЫКТАН САКТАГЫЛА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Эмне үчүн айрым ата-энелер балдары менен жыныстык мамиле жөнүндө сүйлөшкөндөн тартынышат?

  • Алар эмне үчүн балдарына «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялашы» керек? (Эф 6:4).

  • Билим коргойт

    Жыныстык мамиле жөнүндө түшүндүрүп бериши үчүн, уюм ата-энелерди эмнелер менен камсыз кылууда? (w19.05 12-б., кут.)

  • Ата-энелер балдары менен, көйгөй пайда болгонго чейин эле, эмне үчүн дайыма сүйлөшүп турушу керек?