КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Ар бир кишиге кабар айтыш үчүн уюшулганбыз
Өзүнүн эркин аткарыш үчүн Жахаба, ысрайыл элиндей эле, бүгүнкү күндөгү элин да уюшкандыкта жетектейт. Дүйнө жүзүндөгү филиалдар, райондор, жыйналыштар жана кабар айтуу топтору жакшы кабарды элге жеткирүү максатында уюштурулган. Биз ар бир кишиге, анын ичинде бөтөн тилде сүйлөгөндөргө да кабар айтабыз (Аян 14:6, 7).
Кимдир бирөөгө чындыкты таанып-билгенге жардам бериш үчүн чет тилин үйрөнсөмбү деп ойлонуп көрдүң беле? Тил үйрөнүүгө убактың жок болсо да, JW Language тиркемесинен жөнөкөй сунуштоону үйрөнүп алсаң болот. Эгер ошентсең, ал сунуштоону кызматта колдонуунун аркасында 1-кылымдагы шакирттердикиндей сезимдерге чулганасың. Алар башка жерлерден келген адамдардын өз эне тилинде «Кудайдын улуу иштери» жөнүндө угуп, таң калып жатканын көргөндө кубанычы койнуна батпай сүйүнүшкөн (Элч 2:7—11).
«ЖАХАБА КУДАЙ МЕНЕН ДОС БОЛ. БАШКА ТИЛДЕ ДА КАБАР АЙТ» ДЕГЕН МУЛЬТФИЛЬМДИ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕР:
-
JW Language тиркемесин качан колдонсоң болот?
-
Анын кандай өзгөчөлүктөрү бар?
-
Сенин аймагыңда кайсы тилдерде сүйлөгөн адамдар бар?
-
Падышалык жөнүндөгү кабарга кызыгып калган киши башка тилде сүйлөсө, эмне кылышың керек? (od 100, 101-б., 39—41-абз.)