КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Шемуелден эмнелерге үйрөнө алабыз?
Шемуел Жахабага өмүр бою берилгендигин сактаган. Кичинекей кезинде Эйлинин Копни менен Пинехас деген бузулган уулдарынын терс таасирине алдырган эмес (1Шм 2:22—26). Ал чоңоюп-өсө берген, Жахаба болсо аны менен болгон (1Шм 3:19). Кийин улгайганда, уулдары жаман чыкса да, Жахабага ишенимдүүлүк менен кызмат кыла берген (1Шм 8:1—5).
Шемуелден эмнелерге үйрөнсөк болот? Эгер жаш болсоң, Жахаба сен туш болгон кыйынчылыктарды билеринен жана сени жакшы түшүнөрүнөн шектенбе. Ал сага кайраттуу болгонго жардам берет (Ыш 41:10, 13). Балким, балаңар Жахабага кызмат кылбаган ата же энедирсиңер. Шемуел бойго жеткен уулдарын Жахабанын мыйзамына ылайык жашаганга мажбурлай алган эмес. Муну билүү силерди жубатышы мүмкүн. Шемуел баарын асмандагы Атасы Жахабага тапшырып коюп, анын алдында кынтыксыздыгын сактаганга, ага жакканга аракет кыла берген. Силердин жакшы үлгүңөр балаңарга кайрадан Жахабага кайтып келгенге түрткү бериши мүмкүн.
«АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА. ШЕМУЕЛ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Шемуел кичинекей болсо да, кантип кайраттуулук көрсөткөн?
-
Дэнни кантип кайраттуулук менен иш кылган?
-
Шемуел улгайганда кантип жакшы үлгү көрсөткөн?
-
Дэннинин ата-энеси кантип туура иш кылышкан?