Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жаратылыш Жахабанын акылмандыгына болгон ишенимибизди чыңдайт

Жаратылыш Жахабанын акылмандыгына болгон ишенимибизди чыңдайт

Жахаба биз үчүн эмне жакшы экенин билеби? Албетте! Ушуга ишенип, ал айткандай кылсак, акылдуулук кылган болобуз (Нкл 16:3, 9). Бирок кээде биздин оюбуз аныкына төп келбей калышы мүмкүн. Ошондо ага канчалык ишенерибиз сыналат. Эгер Жахаба жараткан нерселер жөнүндө ой жүгүртсөк, анын акылмандыгына ого бетер ынанып, ишенимибиз чыңдалат (Нкл 30:24, 25; Рм 1:20).

«ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ? КУМУРСКАЛАР „ЖОЛ ТЫГЫНЫНАН“ КАНТИП КАЧЫШАТ?» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Кумурскалардын көпчүлүгү күнүгө эмне кылат?

  • Алар эмне үчүн «жол тыгынына» кабылышпайт?

  • Адамдар алардан эмнени үйрөнсө болот?

«ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ? ТҮКТҮҮ ААРЫНЫН УЧУУ ЖӨНДӨМҮ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Чакан учакты башкарыш эмне үчүн кыйын?

  • Түктүү аары эмне үчүн тең салмактуулугун жоготпойт?

  • Түктүү аарынын мындай тубаса жөндөмүн изилдөө адамдарга кандай пайдасын тийгизиши мүмкүн?

Силер жашаган жердеги Жахаба жараткан нерселер анын акылмандыгын кантип айгинелеп турат?