КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ | КЫЗМАТТА КУБАНЫЧЫҢАРДЫ АРТТЫРГЫЛА
Изилдеп жаткандарга жаман чөйрөдөн алыс болууга жардам бергиле
Жахаба менен дос болуш үчүн Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын жакшы досторду тандаганы маанилүү (Зб 15:1, 4). Анткени жакшы чөйрө туура иш кылганга түрткү берет (Нкл 13:20; lff 48-бөлүм).
Изилдеп жаткандарга жаман чөйрөдөн оолак болгонго жардам берүүдө түшүнүү менен мамиле кылгыла. Анткени аларга мурунку достору менен мамилесин үзүү оңой болбошу мүмкүн. Ошол себептен изилдебеген күндөрү да көңүл буруп тургула. Мисалы, жазып, телефон чалып же жолугуп турсаңар болот. Бара-бара аларды жыйналыштагылар менен чогуу убакыт өткөргөнгө чакырып турсаңар да болот. Мунун аркасында алар жоготкондон да көп нерсеге ээ болгонун түшүнө алышат (Мр 10:29, 30). Жахабанын элинин өсүп жатканын көрүп өзүңөр да сүйүнөсүңөр.
«ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДЕП ЖАТКАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ. ЖАМАН ЧӨЙРӨДӨН АЛЫС БОЛУУ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Жаман чөйрө деген эмне? (1Кр 15:33)
-
Лили жыйналыштагылардын көңүл ачыш үчүн чогулганын кандай элестетти?
-
Ниита Лилиге жакшы досторду тапканга кантип жардам берди?