Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Кудайдын Сөзүнө болгон ишенимиңди бекемде

Кудайдын Сөзүнө болгон ишенимиңди бекемде

Кудайдын Сөзү жашообузду өзгөртө алат (Ев 4:12). Бирок анда берилген жетекчиликтин, кеңештердин пайдасын көрүш үчүн анын «Кудайдын сөзү» экенине ишенишибиз керек (1Тс 2:13). Ыйык Китепке болгон ишенимибизди кантип чыңдасак болот?

Ыйык Китепти күн сайын окугула. Ыйык Китепти окуп жатканда аны Жахаба жаздырганын далилдеген ойлорду издегиле. Алсак, Накыл сөздөр китебиндеги кеңештерди талдап көрсөңөр, алардын бүгүн да пайдалуу экенине ынанасыңар (Нкл 13:20; 14:30).

Кайсы бир теманы тереңирээк изилдеп көргүлө. Ыйык Китеп Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганына ынаныш үчүн далилдерди издегиле. «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралы» деген адабияттан «Ыйык Китеп»/«Ыйык рухтун жетеги менен жазылган» деген бөлүкчөнү карагыла. Ыйык Китептин өзгөрбөгөнүнө шектенбеш үчүн «Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал» деген китепчени да колдонсоңор болот.

«ЭМНЕ ҮЧҮН ИШЕНЕБИЗ? ЫЙЫК КИТЕП КУДАЙДЫН СӨЗҮ ЭКЕНИНЕ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Египеттеги Карнак деген ибадатканада табылган табылгалар Кудайдын Сөзүндө чындык жазылганын кандайча тастыктап турат?

  • Ыйык Китепте жазылган кабардын өзгөрбөгөнүн каяктан билебиз?

  • Ыйык Китептин сакталып калганы анын Кудайдын Сөзү экенин кандайча далилдейт? (Окугула: Ышая 40:8.)