КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Балдарыңар ийгилик кылышы үчүн Ыйык Китептеги принциптерди колдонгула
Жахабага кызмат кылган ата-энелер балдарынын Кудайга кызмат кылуудан кубаныч алышын каалайт. Ата-энелер Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуп, балдарына рухий ийгиликтерди кылганга жардам бере алат (Нкл 22:6).
-
Балдарыңардын силер менен ачык сүйлөшүшүнө шарт түзгүлө (Жкп 1:19).
-
Жакшы үлгү болгула (Мз 6:6).
-
Жахабага сыйынууга байланышкан иштерди үзгүлтүккө учуратпагыла (Эф 6:4).
«КЫЙРАБАЙ ТУРГАНДАЙ ҮЙ КУРГУЛА. БАЛДАРЫҢАРДЫ „ТУУРА ЖОЛГО САЛГЫЛА“» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Ата-энелер канткенде эстүүлүк көрсөтүшөт?
-
Алар Жакып 1:19дагы сөздөрдү кантип колдоно алышат?
-
Кыйынчылыктар пайда болгондо ата-энелер эмне кылышы керек?