Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Эскерүү кечесине максат коюу

Эскерүү кечесине максат коюу

Жыл сайын Жахабанын эли Эскерүү кечесин чыдамсыздык менен күтөт. Эскерүү кечеси болор алдындагы жана андан кийинки жумаларда кун төлөгөнү үчүн Жахабага ыраазы экинибизди өзгөчө жол менен көрсөтө алабыз. Ошондой эле аны даңктай алабыз (Эф 1:3, 7). Алсак, башкаларды ал кечеге чын жүрөктөн чакырсак болот. Март, апрель айларында көмөкчү пионерлер 30 же 50 саат кызмат кыла алышат. Айрымдар ошол өнөктүккө катышыш үчүн өзгөрүүлөрдү кылышат. Эскерүү кечеси болгон мезгилде кызматыңарды кеңейтүүнү каалайсыңарбы? Буга эмне жардам берет?

Көп учурда алдын ала пландаштырсак, көп иш бүтүрө алабыз (Нкл 21:5). Андыктан Эскерүү кечеси жакындап келаткандыктан азыртадан максат койсоңор болот. Канткенде көбүрөөк кызмат кыла аларыңарды жана ан үчүн эмнелерди кылсаңар болорун ойлонуп көргүлө. Анан Жахабадан аракетиңерге батасын беришин сурагыла (1Жн 5:14, 15).

Эскерүү кечеси болгон мезгилде кызматыңарды кайсы жактардан кеңейте аласыңар?