27-январь—2-февраль
ЗАБУР 140—143
44-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)
1. Тиленгенден кийин колуңдан келгендин баарын кыл
(10 мүн.)
Кеңешти даярдуулук менен кабыл ал (Зб 141:5; w22.02 12-б., 13, 14-абз.)
Жахабанын жардам берген учурлары тууралуу ой жүгүрт (Зб 143:5; w10 15/3 32-б., 4-абз.)
Жагдайга Жахабанын көз карашы менен караганга аракет кыл (Зб 143:10; w15 15/3 32-б., 2-абз.)
140—143-забурлардагы Дөөтүнүн сөздөрүнөн анын жардам сурап жалбарганын эле эмес, тиленүүлөрүнө ылайык иш кылганын да билебиз.
2. Рухий берметтер
(10 мүн.)
-
Зб 141:2. Жахаба чын жүрөктөн чыккан тилегибизге кандай карайт? (w22.03 21-б., 7-абз.)
-
Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?
3. Ыйык Китепти окуу
(4 мүн.) Зб 141:1—10 (th 12-сабак)
4. Сөз баштоо
(4 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Иш жүзүндө жардам бергенден кийин Ыйык Китептеги кайсы бир темада сөз башта (lmd 3-сабак, 5-ой).
5. Кайра баруу
(3 мүн.) ЭЛ КӨП ЖЕРДЕ КАБАР АЙТУУ. Киши бош эмес экенин айтат (lmd 7-сабак, 3-ой).
6. Эмнеге ишенерибизди түшүндүрүп берүү
(5 мүн.) Демонстрация. ijwfq 21-макала. Тема: Эмне себептен кан куйдурбайсыңар? (th 7-сабак)
141-ыр
7. Медициналык же хирургиялык жардам керек болгон жагдайларга даярдан
(15 мүн.) Талкуу.
Жахаба «кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүз» болорун убадалайт (Зб 46:1). Медициналык же хирургиялык жардам керек болгон жагдайларда сарсанаа болуп, тынчсызданышыбыз мүмкүн. Ошентсе да, андай жагдайларга даяр болушубуз үчүн, Жахаба зарыл нерселердин баары менен камсыз кылат. Алсак, уюмубуз «Медициналык жардам алууга байланыштуу эрк билдирүү жана ишеним кат» (DPA), «Инсан күбөлүгү» a жана башка медициналык документтер b менен камсыз кылып, Ооруканалар менен байланышуу комитеттери (ОБК) аркылуу да жардам берүүдө. Бул чаралар Кудайдын канга байланыштуу мыйзамдарына баш ийгенге жардам берет (Элч 15:28, 29).
ВИДЕОНУ көрсөт. «Медициналык жардам керек болгон жагдайларга даярсыңбы?» Анан угармандардан сура:
-
Айрымдар «Эрк билдирүү» (DPA) документин толтуруп койгондун кандай пайдасын көрүшкөн?
-
Айрымдар «Болочок энелер үчүн маалымат» (S-401) деген документтин пайдасын кандайча көрүшкөн?
-
Ооруканага жатуу, операция жасатуу, терапия алуу (ракты дарылоодо) сыяктуу жагдайларда, кан куйдуруу маселеси көтөрүлбөсө да, ОБК менен мүмкүн болушунча эртерээк байланышканыбыз эмне үчүн жакшы?
8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү
(30 мүн.) bt 21-бөл., 14—22-абз.
Корутунду (3 мүн.) | жана тиленүү
a Чөмүлгөн жарчылар бул документти адабиятка жооптуу бир туугандан алса болот. Ошондой эле ата-энелер жашы жете элек балдарына «Инсан күбөлүгү» деген документти ала алышат.
b Зарыл болсо, «Болочок энелер үчүн маалымат» (S-401), «Операция кылына турган же химиотерапия ала турган бейтаптар үчүн маалымат» (S-407) жана «Дарылоого муктаж балдардын ата-энелерине керектүү маалымат» (S-55) деген документтерди аксакалдардан сурасаңар болот.