КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Кайра жолугууга негиз салуу
ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?
Биз чындыктын үрөнүн сепкенден кийин аны сугарууну каалайбыз (1Кр 3:6). Андыктан кимдир бирөө кабарга кызыгып калса, ага кийинкиде талкуулай турган суроо бергенибиз маанилүү. Ошондо ал кийинки жолугушууну күтөт жана кайра жолукканда бизге сөз баштоо оңой болот. Биз ал адамга барганда өткөндөгү суроого жооп бериш үчүн келгенибизди айтабыз.
КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Үймө-үй кабар айтууга даярданып жатканда эмкиде жооп бере турган кызыктуу суроо даярдап алгыла. Ал суроонун жообу силер кабарда сунуштай турган адабиятта же кайра жолугууга барганда колдоно турган, изилдөө өткөрүүгө арналган адабияттардын биринде камтылганы жакшы.
-
Сөзүңөрдүн соңунда аны менен дагы жолугуп маектешүүнү каалаарыңарды айтып, кийинкиде талкуулай турган, даярдап алган сурооңорду бергиле. Мүмкүн болсо, аны менен кантип байланышса болорун сурагыла.
-
Эгер үй ээсине белгилүү бир убакытта келериңерди айтсаңар, сөзүңөргө тургула (Мт 5:37).