КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР
«Жакшы кабар» китепчесин кантип изилдесе болот?
-
Үй ээси негизги ойго көңүл топтой алышы үчүн, кара тамга менен жазылган, номурланган суроону окуп бергиле.
-
Абзацты окугула.
-
Жантайыңкы арип менен жазылган аяттарды окуп, үй ээси номурланган суроого аяттар кандайча жооп берерин түшүнө алышы үчүн, сылыктык менен суроолорду бергиле.
-
Суроонун алдында дагы бир абзац бар болсо, 2, 3-кадамга ылайык кылгыла. Эгер ушул суроого байланыштуу видео бар болсо жана аны үй ээсине көрсөтө элек болсоңор, талкуу учурунда көрсөткүлө.
-
Үй ээсинин абзацта айтылгандарды түшүнгөнүнө ынаныш үчүн андан номурланган суроого жооп беришин сурагыла.