Үлгү иретиндеги сунуштоолор
«КҮЗӨТ МУНАРАСЫ»
Суроо: «Кандай деп ойлойсуз, ар бир адам ушул жерде айтылгандар боюнча жашаса, заман оңолот беле?»
Аят: Ев 13:18
Сунуштоо: «Ыйык Китепте бардык жагынан чынчыл болушубуз керектиги айтылат. Чынчылдык жашообуздун бардык тармагына таасир этет. Бул журналда ушул тууралуу жазылган».
«КҮЗӨТ МУНАРАСЫ» (акыркы бети)
Суроо: «Бул суроого карата сиздин оюңузду билейин дегем. [1-суроону оку.] Айрымдар адам өлгөндөн кийин башка жакта жашоосун улантат десе, башкалар адам өлгөндө баары бүтөт деп айтышат. Ал эми сиз кандай деп ойлойсуз?»
Аят: Нс 9:5
Сунуштоо: «Бул макаладан ушул тууралуу көбүрөөк биле аласыз. Кааласаңыз, окуп көрсөңүз болот. Эмкиде келгенде чогуу талкууласак болот».
«КУДАЙДАН КЕЛГЕН ЖАКШЫ КАБАР»
Сунуштоо: «Мен сизге Ыйык Китепти акысыз изилдөөнү сунуштайын дегем. Бул китепченин жардамы менен суроолорубузга Ыйык Китептин өзүнөн жооп таба алабыз».
Суроо: «Ыйык Китепти окуп көрдүңүз беле? Китепчени изилдөө абдан оңой. Кааласаңыз, көрсөтүп берейин». [2-бөлүмдүн 1-суроосун талкуула.]
Аят: Аян 4:11
ӨЗҮҢДҮН СУНУШТООҢДУ ДАЯРДА
Жогоруда көрсөтүлгөн сунуштоолордун негизинде өз сунуштооңду даярда.