Хискиянын бекем ишеними акталган
Ашур падышасы Сенхейрип Иерусалимдин багынып беришин талап кылышы үчүн рапшакты жөнөткөн. Ашурлуктар жүйүттөр согушсуз эле багынып бериши үчүн ар кандай ыкманы колдонушкан.
-
Ындынын өчүрүү. Мисир силерге эч жардам бере албайт (Ыш 36:6).
-
Шек туудуруу. Силер Жахабанын ырайымынан ажырап калгансыңар, ошон үчүн ал силерди колдобойт (Ыш 36:7, 10)
-
Коркутуу. Силер кубаттуу Ашур аскерине туруштук бере албайсыңар (Ыш 36:8, 9).
-
Азгыруу. Ашур падышасына багынып берсеңер, жыргалчылыкта жашайсыңар (Ыш 36:16, 17).