КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Куугунтукталып жаткан бир туугандар үчүн тиленгенди унутпайлы
Ыйык Китепте кызматыбызга тоскоолдук кылыш үчүн Шайтандын бизди куугунтуктаары алдын ала айтылган (Жн 15:20; Аян 12:17). Башка өлкөдөгү куугунтукталып жаткан ишенимдештерибизге кантип жардам бере алабыз? Алар үчүн тиленсек болот. «Адил адамдын жалындуу тиленүүсү зор күчкө ээ» (Жкп 5:16).
Эмне деп тиленсек болот? Жахабадан аларга күч-кайрат беришин, коркунучка алдырбаганга жардам беришин сурасак болот (Ыш 41:10—13). Ошондой эле «тынч, бейпил жашашыбыз үчүн», бийликтегилер кабар айтуу ишибизге карата туура көз карашта болушун сурап тиленип турганыбыз жакшы (1Тм 2:1, 2).
1-кылымда элчи Пабыл менен элчи Петир куугунтукталганда, жыйналыштагылар алардын атын атап тиленишкен (Элч 12:5; Рм 15:30, 31). Бүгүнкү күндө куугунтукталып жаткандардын атын билбесек да, алардын жыйналышын, өлкөсүн, аймагын айтып тиленсек болот.