КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Канткенде адегенде бир тууганың менен элдеше аласың?
Исанын күндөрүндө Галилеяда жашап жатканыңды элестетсең. Алачык майрамын белгилеш үчүн жол арытып, Иерусалимге бардың. Шаар ичи, сага окшоп, Кудайга сыйыныш үчүн туш-тараптан келгендерге толуп, бака-шака түшүп жатат. Жахабага тартуу кылыш үчүн мал ала келгенсиң. Аны жетелеп, көчөлөрдү аралай, быкылдаган эл менен кошо ибадаткананы көздөй баратасың. Ибадаткана да тартуу кылууну каалаган элге жык толгон экен. Акыры, алып келген тартууңду дин кызматчыларга тапшырууга кезегиң жетет. Так ошол маалда элдин арасында же шаардын бир жеринде жүргөн бир тууганыңдын сага нааразычылыгы бар экени эсиңе түшөт. Андайда эмне кылышты Иса жакшы түшүндүрүп берген. (Оку: Матай 5:24.) Ал экөөңөр, Исанын кеңешине ылайык, кантип элдеше аласыңар? Төмөндөгү тизмелерден кайсынысы туура жооп экенин белгиле.
СЕН ТАРАПТАН...
-
Бир тууганың менен сага нааразы болууга орчундуу себеби болсо гана сүйлөшөсүң
-
Аны өтө эле сезимтал же андан да кетти деп эсептеп, аны оңдогонго аракет кыласың
-
Ал ичиндегисин айтып жатканда, кунт коюп угасың, атүгүл баарын толук түшүнбөсөң да, көңүлүн оорутуп алганың үчүн же өзүң байкабай эле, кайсы бир ишиң менен анын жүрөгүн оорутуп алганың үчүн чын ниеттен кечирим сурайсың
БИР ТУУГАНЫҢ ТАРАПТАН...
-
Туура эмес кылганыңды жыйналыштагыларга айтып, таламдаш издей баштайт
-
Сени урушат, бүт баарын майда-чүйдөсүнө чейин териштирет, күнөөнү мойнуңа алышыңды талап кылат
-
Ага келиш үчүн сен тараптан момундук, кайраттуулук талап кылынганын айтып, чын жүрөктөн кечирет
Бүгүнкү күндө малды курмандыкка чалбасак да, бир туугандарыбыз менен тынчтыкта болушубуз сыйынуубуздун Кудайга жагышы менен тыгыз байланышы жөнүндө Иса эмнени айткысы келген?