Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15—21-январь

АЮП 36, 37

15—21-январь

147-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. Кудайдын түбөлүк өмүр берем деген убадасына эмне үчүн ишенсең болот?

(10 мүн.)

Жахаба өзү түбөлүк жашайт (Ап 36:26; w15 1/10 13-б., 1, 2-абз.)

Жахаба — кудурети күчтүү, акылман Кудай. Ал жашоо-тиричиликтин улана беришине кам көрө алат (Ап 36:27, 28; w20.05 22-б., 6-абз.)

Жахаба, түбөлүк жашашыбыз үчүн, эмне кылышыбыз керектигин үйрөтүп келет (Ап 36:4, 22; Жн 17:3)


Кудайдын түбөлүк өмүр берем деген убадасына болгон күчтүү ишеним кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө күч берет (Ев 6:19; w22.10 28-б., 16-абз.)

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Ап 37:20. Ыйык Китепте айтылган жерлерге кабар көбүнчө кантип жетчү? (it-1 492-б.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(3 мүн.) ЭЛ КӨП ЖЕРДЕ КАБАР АЙТУУ (lmd 3-сабак, 3-ой).

5. Кайра баруу

(4 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ (lmd 2-сабак, 5-ой).

6. Эмнеге ишенерибизди түшүндүрүп берүү

(5 мүн.) Сөз. ijwfq 57 5—15-абз. Тема: Холокост учурунда Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн куугунтукталышкан? (th 18-сабак)

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

49-ыр

7. Медициналык же хирургиялык жардам керек болгон жагдайларга даярдан

(15 мүн.) Талкуу. Талкууну аксакал алып барат.

Уюмубуз бизди канга байланыштуу мыйзамга баш ийгенге жардам берген куралдар менен камсыз кылат (Элч 15:28, 29). Сен аларды колдонуп жатасыңбы?

«Медициналык жардам алууга байланыштуу эрк билдирүү жана ишеним кат» (DPA), «Инсан күбөлүгү» (ic). Бул документтер бейтапка кандын медициналык максатта колдонулушуна байланыштуу эркин билдирүүгө жардам берет. Чөмүлгөн жарчылар адабиятка жооптуу кызматчыдан өзү үчүн DPA документин, балдары үчүн «Инсан күбөлүгүн» алса болот. Бул документти жаныбызга алып жүргөнүбүз маанилүү. Аны толтуруш же жаңыртыш керек болсо, создуктурбагыла.

«Болочок энелер үчүн маалымат» (S-401), «Операция кылына турган же химиотерапия ала турган бейтаптар үчүн маалымат» (S-407). Бул документтер медициналык жардам алганга, кан куйдуруу маселесине даярданганга көмөк кылат. Кош бойлуу болсоңор, операция жасалышы же рактан дарыланышыңар керек болсо, аксакалдарыңардан тиешелүү документти алгыла.

Ооруканалар менен байланышуу комитети (ОБК). ОБКнын мүчөлөрү — үйрөтүлгөн тажрыйбалуу аксакалдар. Алар доктурларга, жарчыларга канга байланыштуу маалымат беришет. Доктуруңар менен сүйлөшүп, кансыз дарылоонун ыкмаларын да сунуштай алышат. Зарыл болсо, кызматташканга даяр доктурларды тапканга көмөк көрсөтүшөт. Алар менен күн-түн дебей (24/7) байланышсаңар болот. Ооруканага жатуу, операция жасатуу, терапия алуу (ракты дарылоодо) сыяктуу жагдайларда, кан куйдуруу маселеси көтөрүлбөсө да, ОБК менен мүмкүн болушунча эртерээк байланышкыла. Бул кош бойлууларга да тиешелүү. Жардам керек болсо, аксакалдан ОБК менен кантип байланышса болорун сурагыла.

ВИДЕОНУ көрсөт. «Ооруканалар менен байланышуу комитеттери кантип жардам көрсөтөт?» Анан угармандардан сура:

Медициналык же хирургиялык жардам керек болгон жагдайларда ОБК кантип көмөк көрсөтөт?

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

Корутунду (3 мүн.) | 67-ыр жана тиленүү