Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19—25-февраль

ЗАБУР 8—10

19—25-февраль

2-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. «Сени... даңктайм, оо, Жахаба»

(10 мүн.)

Жахаба бизге жакшылык артынан жакшылык кылып келет (Зб 8:3—6; w21.08 3-б., 6-абз.)

Башкаларга Жахабанын керемет иштери жөнүндө айтып, аны даңктагыбыз келет (Зб 9:1; w20.05 23-б., 10-абз.)

Чын жүрөктөн ырдаганда да аны даңктайбыз (Зб 9:2; w22.04 7-б., 13-абз.)

ОЙЛОНУП КӨР: Жахабаны дагы кантип даңктай алам?

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 8:3. Забурчу Кудайдын манжалары жөнүндө жазганда эмнени айткысы келген? (it-1 832-б.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(3 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Үй ээси Кудайга ишенбейм деп айтат (lmd 5-сабак, 4-ой).

5. Кайра баруу

(4 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Мурун сүйлөшкөндө киши Кудайга ишенбейм деп айткан. Бирок Кудайдын бар экенин көрсөткөн далилдер жөнүндө сүйлөшкөнгө каршы эмес (th 7-сабак).

6. Сөз

(5 мүн.) w21.06 6, 7-б., 15—18-абз. Тема: Изилдеп жаткан кишиге Жахабаны даңктаганга жардам бер (th 10-сабак).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

10-ыр

7. Расмий эмес жагдайда табигый жол менен кантип кабар айтсак болот?

(10 мүн.). Талкуу.

Жахабаны көбүрөөк даңктоонун бир жолу — күнүмдүк иштерибиз менен жүргөндө жолуккандарга кабар айтуу (Зб 35:28). Башында бир аз тынчсызданышыбыз мүмкүн. Анткен менен сөздү кантип баштап, кантип улантыш керектигин үйрөнүп алсак, расмий эмес жагдайларда эркин кабар айта алабыз. Бул өзүбүзгө эле кубаныч тартуулайт.

ВИДЕОНУ көрсөт. «„Тынчтык жөнүндөгү жакшы кабарды“ жарыялоого даяр тургула. Демилгени колго алгыла». Анан угармандардан сура:

Бул видеодон расмий эмес жагдайда кабар айтканга жардам берген кандай ойлорду билдиң?

Сөз баштаганга жардам берген айрым кеңештер:

  •   Көчөгө чыккан сайын кабар айтканга мүмкүнчүлүк изде. Бул туурасында тилен. Жахабадан жүрөгү таза кишилерге жолуктурушун суран

  •   Жолуккан кишилерге жылмайып, чын жүрөктөн көңүл бур. Ыйык Китептеги кайсы чындык кызыктуу болорун билиш үчүн жолуктурган киши жөнүндө бир аз билгенге аракет кыл

  •   Эгер орундуу болсо, кантип байланышсаңар болору жөнүндө сүйлөшүп ал

  •   Кабар айтканга чейин эле маек бүтүп калса, көңүлүңдү чөгөрбө

  •   Сүйлөшкөн киши жөнүндө ойлоно бер. Чын ниеттен көңүл буруп, jw.org сайтынан аяттын же макаланын шилтемесин жөнөтүп тур

Колдонуп көр. Бирөө сенден: «Дем алыш күндөрү кандай эс алдың?» — деп сурап калса, жыйналыштан уккан кызыктуу ойлорду же кабар айтканың жөнүндө кобурап берсең болот.

8. Жыйналыштын муктаждыктары

(5 мүн.)

9. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

Корутунду (3 мүн.) | 65-ыр жана тиленүү