Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

26-февраль—3-март

ЗАБУР 11—15

26-февраль—3-март

139-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. Бейкуттук өкүм сүргөн Бейиште жүргөнүңдү элестет

(10 мүн.)

Мыйзам, тартип баркка алынбаса, зордук-зомбулук күч алат (Зб 11:2, 3; w06 1/6 8-б., 3-абз.)

Жахаба жакында зордук-зомбулукту жоёрунан шектенбесек болот (Зб 11:5; wp16.4 11-б.)

Жахабанын бизди куткарам деген убадасы жөнүндө ой жүгүртүү жаңы заманды сабырдуулук менен күткөнгө жардам берет (Зб 13:5, 6; w17.08 7-б., 15-абз.)

КОЛДОНУП КӨР: Жезекиел 34:25ти окуп, аятта сүрөттөлгөндөй бейкут чөйрөдө жүргөнүңдү бир саамга элестет (kr 236-б., 16-абз.).

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 14:1. Аятта айтылган маанай Кудайдын кызматчыларына кандайча таасир этиши мүмкүн? (w13 15/9 20-б., 12-абз.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(2 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Кишини Эскерүү кечесине чакыр (lmd 5-сабак, 3-ой).

5. Сөз баштоо

(1 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Кишини Эскерүү кечесине чакыр (lmd 3-сабак, 4-ой).

6. Сөз баштоо

(3 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Эскерүү кечесине чакырганыңда, киши кызыгып калат (lmd 7-сабак, 4-ой).

7. Шакирт даярдоо

(5 мүн.) lff 13-бөлүм, негизги ой, кайталоо жана максат. «Көбүрөөк бил» деген бөлүктөгү бир макаланы колдонуп, Кудай жалган диндерге кандай караарын түшүндүрүп бер (th 12-сабак).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

8-ыр

8. «Курал-жарактан акылмандык артык»

(10 мүн.) Талкуу.

Дүйнө жүзү боюнча кан суудай төгүлүп жатат. Айланада болуп жаткан зордук-зомбулук жана айрымдарыбыздын кор болуп жатканы жан дүйнөбүзгө бүлүк саларын Жахаба жакшы билет. Ал биздин калканычка муктаж экенибизди да түшүнөт. Ошондуктан өзүнүн Сөзү аркылуу калкалап жатат (Зб 12:5—7).

Ыйык Китепте «курал-жарактан акылмандык артык» экени айтылат (Нс 9:18). Анда зордук-зомбулуктан коргонгонго жардам берген Ыйык Китептеги төмөнкү принциптерге токтололу:

  • Нс 4:9, 10. Кооптуу жерлерде же жагдайларда жалгыз болгондон качкыла

  • Нкл 22:3. Көпчүлүктүн арасында жүргөндө кыраакы, сак болгула

  • Нкл 26:17. Силерге тиешеси жок болсо, чыр-чатакка аралашпагыла

  • Нкл 17:14. Тополоң чыгып кетчүдөй болуп жатса, кетип калгыла. Көтөрүлүш чыгарыш үчүн чогулгандардан оолак болгула

  • Лк 12:15. Мүлкүмдү сактап калам деп өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла

ВИДЕОНУ көрсөт. «Ишеними жоктордон эмес, ишеними күчтүүлөрдөн үлгү алгыла. Лемектен эмес, Энохтон». Анан угармандардан сура:

Энохтун үлгүсү видеодогу кишинин чечимине жана зордук-зомбулукка туш болгондо кылган иш-аракетине кандайча таасир эткен? (Ев 11:5)

Айрым учурларда Кудайдын кызматчысы «өзүмдү же мүлкүмдү коргош үчүн бир нерсе кылышым керек» деп ойлошу ыктымал. Андайда бирөөнү өлтүрүп алып канга забын болбош үчүн колунан келгендин баарын кылышы керек (Зб 51:14). (Кара: «Окурмандардын суроолору», «Күзөт мунарасы», 2017-жыл, июль.)

9. Эскерүү кечесине чакыруу өнөктүгү 2-мартта, ишембиде, башталат

(5 мүн.) Аксакалдын сөзү. Өнөктүккө, атайын баяндамага жана Эскерүүгө карата көрүлгөн чараларды айтып өт. Жарчыларга март, апрель айларында 15 саат кабар айтып көмөкчү пионер боло алышарын эскерт.

10. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

Корутунду (3 мүн.) | 40-ыр жана тиленүү