Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

29-январь—4-февраль

АЮП 40—42

29-январь—4-февраль

124-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. Аюптун окуясынан эмнени үйрөнсөң болот?

(10 мүн.)

Көз карашың Жахабаныкына салыштырмалуу чектелүү экенин унутпа (Ап 42:1—3; w10 15/10 3, 4-б., 4—6-абз.)

Жахаба жана анын уюму берген кеңешке кулак как (Ап 42:5, 6; w17.06 25-б., 12-абз.)

Кыйынчылыктарга карабай берилгендигин сактаган кызматчыларын Жахаба сыйлыксыз калтырбайт (Ап 42:10—12; Жкп 5:11; w22.06 25-б., 17, 18-абз.)

Аюп кынтыксыздыгынан жазбаганы үчүн Жахабадан бата алган

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Ап 42:7. Аюптун үч досу чын-чынында кимге каршы сүйлөгөн жана бул бизге шылдыңга чыдаганга кандайча жардам берет? (it-2 808-б.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(3 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Ыйык Китеп тууралуу таптакыр билбеген киши (lmd 5-сабак, 3-ой).

5. Шакирт даярдоо

6. Сөз

(4 мүн.) lmd 1-тиркеме, 2-ой. Тема: Жер эч качан жок болбойт (th 13-сабак).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

108-ыр

7. Башкаларга Жахабанын сүйүүсүн туйганга жардам бергиле

(15 мүн.). Талкуу.

Биз табияты сүйүү болгон Кудайга кызмат кыларыбызга сүйүнөбүз (1Жн 4:8, 16). Ал сүйүүнүн Кудайы болгондуктан, ага тартылып турабыз жана башкаларга да аны менен дос болгонго жардам бергибиз келет. Биз Жахабанын койлорубуз. Ошон үчүн анын сүйүүсүнө бөлөнөбүз.

Үй-бүлөбүздү, ишенимдештерибизди жана башкаларды Жахаба сүйгөндөй сүйөрүбүздү кылган мамилебиз менен көрсөтсөк, эң туура кылган болобуз (Ап 6:14; 1Жн 4:11). Ошондо башкаларга Жахабаны таанып-билгенге, аны менен ынак болгонго жардам бере алабыз. Ал эми башкаларды жакшы көрбөсөк, аларга Кудайдын сүйүүсүн сезиш кыйынга туруп калат.

ВИДЕОНУ көрсөт. «Жахабанын үй-бүлөсүнөн чыныгы сүйүүнү таптык». Анан угармандардан сура:

Лей Лей менен Миминин айтып бергендеринен башкаларды жакшы көрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө эмнени билдиңер?

Ишенимдештерибизге Жахабанын сүйүүсүн туйганга кантип жардам бере алабыз?

  • Аларды Жахабанын баалуу койлорундай көрөбүз (Зб 100:3)

  • Алар менен сүйлөшкөндө дем-күч беребиз (Эф 4:29)

  • Жан дүйнөсүн түшүнгөнгө аракет кылабыз (Мт 7:11, 12)

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

Корутунду (3 мүн.) | 126-ыр жана тиленүү