Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22—28-январь

АЮП 38, 39

22—28-январь

11-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. Табиятка баам салганга убакыт бөлөсүңбү?

(10 мүн.)

Жахаба жерди жараткандан кийин өз эмгегине баа бергенге убакыт бөлгөн (Бш 1:10, 12; Ап 38:5, 6; w21.08 9-б., 7-абз.)

Периштелер жаратылышка байкоо салганга убакыт бөлүшкөн (Ап 38:7; w20.08 14-б., 2-абз.)

Табиятка көз чаптырганга убакыт бөлүү, ыраазычылык сезимин арттыруу Жахабага көбүрөөк таянганга жардам берет (Ап 38:32—35; w23.03 17-б., 8-абз.)

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Ап 38:8—10. Бул аяттардан Мыйзам чыгаруучубуз Жахаба жөнүндө эмнелерди билсек болот? (it-2 222-б.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(2 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Кишинин сүйлөшкүсү келбей жатканын байкаганыңда сөздү жылуу-жумшак бүтүр (lmd 2-сабак, 3-ой).

5. Кайра баруу

(5 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Буга чейин сүйлөшкөндө киши жакында эле жакынынан айрылганын айткан (lmd 9-сабак, 3-ой).

6. Сөз

(5 мүн.) lmd 1-тиркеме, 1-ой. Тема: Дүйнөдөгү окуялар жана адамдардын кулк-мүнөзү жакында чоң өзгөрүүлөр болорун көрсөтүп турат (th 16-сабак).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

111-ыр

7. Табиятка байкоо салуу маанилүү нерсени эстен чыгарбаганга жардам берет

(15 мүн.). Талкуу.

Үч досу жана Шайтан Аюпту тебелегенде, ал өзүнүн көйгөйлөрүнө жана ага каршы айтылган адилетсиз сын пикирге көңүл топтоп алган.

Окугула: Аюп 37:14. Анан угармандардан сура:

Аюп кыйынчылыктарына көңүл топтобой, Жахабага көбүрөөк таяныш үчүн эмне кылышы керек болгон?

Кыйынчылыкка белчебизден батканда жаратылышка байкоо салсак, Жахабанын улуулугун эсибизге салабыз, ага берилгендик сактаганга чечкиндүү болуп калабыз, анын бизге кам көргөнгө кудурети жетерине болгон ишенимибиз ого бетер чыңдалат (Мт 6:26).

ВИДЕОНУ көрсөт. «Аюп китебинде камтылган кенч. Жан-жаныбарлар эмнени жар салат?» Анан угармандардан сура:

Бул видео Жахабага болгон ишенимиңди кандайча бекемдеди?

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

Корутунду (3 мүн.) | 54-ыр жана тиленүү