Мазмунун көрсөтүү

Көтөрүп жүрмө китепкана

Көтөрүп жүрмө китепкана

2013-жылдын 7-октябрында Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти окуп-изилдөөгө жардам берген, электрондук каражатка орнотуп алса боло турган китепкана чыгарышкан. Ал «JW Library» деп аталат. Бул китепканада англис тилиндеги алты котормо, анын ичинде «Король Яковдун Ыйык Китеби» жана 2013-жылы кайра каралган Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» камтылат *.

Китепкана эмне үчүн чыгарылган?

Миллиондогон адамдар жумушта же башкалар менен байланышууда смартфон, планшет жана башка ушу сыяктуу электрондук каражаттарды колдонуп калышты. Алар Ыйык Китепти окуп-изилдөө үчүн керектүү маалыматтардын баарын jw.org сайтынан таба алышат. Анда «JW Library» китепканасы эмне үчүн чыгарылган?

Биринчиден, электрондук каражатка орнотулган ал китепкананы Интернет жок жерлерде да колдонсо болот. Экинчиден, окурмандар Ыйык Китептеги аяттарды оңой таап, тереңирээк изилдөө жүргүзө алышат. Кандайча?

«JW Library» Ыйык Китепти тереңирээк изилдөөгө жардам берет

«JW Library» китепканасын ачканда, Ыйык Китептеги китептердин аталыштары чыгат. Ал эми ошол китептердин бирин басканда, анын бөлүмдөрүнүн тизмеси чыгат. Бул керектүү аятты же аяттарды бат табууга шарт түзөт. Китепкананын Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген дагы башка өзгөчөлүктөрү бар:

  • Кайсы бир сөздүн маанисин же кошумча маалыматты камтыган шилтемелер

  • Байланышы бар аяттар

  • Сөздүн же сөз айкашынын кайсы жерлерде кездешкенин издөөгө жардам берген функция

  • Ыйык Китептин ар бир китебинин мазмуну

  • Ыйык Китептеги ар бир китепти ким, кайсы жерде жана качан жазганы, канча убакыттын ичинде жазылганы жөнүндө маалымат берген таблица

  • Түстүү карталар, схемалар, убакыт көрсөткүчтөрү жана таблицалар

Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык адабияттарындай эле, «JW Library» китепканасын орнотуу акысыз. Ыктыярдуу тартуулардын негизинде каржыланган бул китепкананы миллиондогондор жүктөп алышууда (2 Корунттуктар 9:7). Балким, силер да көп жагынан пайдалуу болгон бул өзгөчө китепкананы колдонуп көрөттүрсүңөр.

^ 2-абз. 2014-жылдын январь айында китепкананын ичиндеги маалымат жаңыртылган. Азыр анда Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Жазманы күндө изилдөө» китепчеси жана ыр китеп бар.