Мазмунун көрсөтүү

Балдардын жүрөгүн козгогон мультфильмдер

Балдардын жүрөгүн козгогон мультфильмдер

Малайзияда жашаган бир киши «Жахаба Кудай менен дос бол» деп аталган көп сериялуу мультфильмдерди көргөндө: «Жахаба ата-энелердин жүрөгүндөгүсүн орундаткандай эле болду»,— деп айткан.

Медер жана анын үй-бүлөсү жөнүндөгү мультфильмдин биринчи сериясы чыккандан бери, Жахабанын Күбөлөрү анын дагы көп серияларын чыгарышты. jw.org сайтындагы ал мультфильмдер балдарды адептүү болууга жана Кудай менен дос болууга, алсак, эмне үчүн уурдабаш керектигине, Кудайга кантип тилениш керектигине үйрөтөт.

Мультфильмдин биринчи сериясы 131 тилге которулган жана дүйнө жүзүндөгү балдар андан көп нерсеге үйрөнүп жатышат.

Жүрөктөн чыккан сөздөр

Беш баласы бар бир эне мындай деген: «Бир жума мурун „Ук, аткар, бата ал“ деген DVDни алгандан бери аны 50дөй жолу көрүп чыктык».

Англиялык 12 жашар Милинин 15 жаштагы Томас деген байкеси бар. Томас Даун синдрому менен ооруйт. Мили мындай деп жазган: «Томас байкем планшетине Медер жөнүндөгү мультфильмдерди көчүрүп алган. Аларды мектептеги досторуна көрсөтөт. Ал мультфильмдеги ырларды жакшы көрөт. Ал ушунчалык сонун ырдагандыктан, бир жолу бир эже ыйлап жиберген. Анын ырдаганын уккан аябай жагымдуу».

Өзүнүн жашын катка 8 жаш, 9 ай, 25 күн деп жазган Авэ: «Кичинекей балдар Медер менен анын эжесинен көп нерсеге үйрөнө алышат»,— деген.

Ал эми Микайла: «Мен 6 жаштамын. „Ук, аткар, бата ал деген“ DVD үчүн силерге чоң рахмат. Ал мени ата-энемдин тилин алууга үйрөтүп жатат. Анткени тил алуу Жахабанын жүрөгүн кубантат»,— деп жазган.

Маңыздуу видеолор

Жахабанын Күбөсү болбогон бир жаш аниматор «Уурдаган Кудайга жакпайт» деген мультфильмди көргөндө аябай таасирленген. Ал мультфильмди бир нече эле кишиден турган топ жаратканын билгенде ого бетер таң калган. Ал мындай деген: «Мен мультфильмерди жараткан чоң студияларды да, чакан студияларды да билем. Кээде ал жакта иштеген сонун болуш керек деп ойлоном. Бирок ал жактагылар керели-кечке иштегени менен, бир нече эле сааттык күлкү тартуулаган мультфильмерди жаратышат. Ал эми силердин мультфильмдериңер балдардын жашоосун өзгөртүп, аларды жаман менен жакшыны ажырата билгенге жана туура чечим чыгарганга үйрөтөт. Силер адамдарга чындап пайда алып келген маңыздуу ишти аткарып жатасыңар».

Дүйнө жүзүндөгү ата-энелер жогорудагы сөздөргө толугу менен кошулушат. Бир эне мындай деп жазган: «Менин үч жашар балам Куин „Жахаба менен дос болуу“ деген мультипликациялык ырды көрүп жатканда быйтыйган колун көкүрөгүнө коюп алып: „Апа, бул ырды укканда жүрөгүң кубанат экен, э?” — деп айтты».