Кудайды даңктаган музыканын доору
«Нью-Йорктогу үн жаздыруу студиясына барып, ырларыбыздын бирин ырдайсың. Ал жердеги ишин мыкты билген адистер сенин үнүңдү жаздырышат. Муну эч кимге айтпашың керек».
Чарлз Тейз Рассел * берген бул өзгөчө тапшырманы Уильям Мокриж 1913-жылдын аяк ченинде ишке ашырган. Кийин «Жаркын келечек» деп белгилүү болуп калган ал ыр мүнөтүнө 78 жолу айланган пластинкага жаздырылган. Уильям Мокриж ал ырдын «Жаратуу фотодрамасынын» кириш бөлүгүнө колдонуларын кийин билген. Ал фотодрамадагы үнсүз кинотасмалар менен айнек слайддарга тартылган сүрөттөр Ыйык Китептин негизинде жаздырылган баяндама жана музыка менен коштолуп көрсөтүлчү. «Жаратуу фотодрамасы» биринчи жолу 1914-жылдын январында Нью-Йорк шаарында көрсөтүлгөн.
Уильям Мокриж ырдаган ыр операторлор англис тилиндеги «Фотодраманы» көрсөтүүдө ойноткон 50дөн ашуун ырдын бири болгон. Ошол кезде ал музыкалардын көбүн Жахабанын Күбөсү эмес адамдар жаратышкан. Бирок алардын бир нечесинин, анын ичинде Уильям Мокриждин үнү жаздырылган ырдын жаздырылышына Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр өздөрү катышышкан. Ал ырлардын сөздөрү «Миң жылдыктын таңкы жарыгынын ырлары» деп аталган Жахабанын Күбөлөрүнүн ошол кездеги ыр китебинен алынган.
Сөздөргө маани берүү
Көптөгөн жылдар бою Жахабанын Күбөлөрү Кудайга сыйынууда башкалар тарабынан жазылган ырларды ырдап келишкен. Бирок Ыйык Китептеги кайсы бир окууну тереңирээк түшүнгөндө ырлардын сөздөрүн ошого жараша өзгөртүп турушкан.
Мисалы, «Фотодрамада» ойнотулган «Биздин Падышабыз келе жатат» деген ыр «Республиканын согуш ыры» деген ырдын негизинде чыгарылган. Анын биринчи сабы: «Көзүм келе жаткан Мырзамдын даңкын көрдү»,— деген сөздөр менен башталчу. Бирок Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр ал сөздөрдү: «Көзүм Мырзамдын катышуусунун даңкын көрө алат»,— деп өзгөртүшкөн. Себеби алар Ыйык Китепти терең изилдөөнүн аркасында Иса Машаяктын башкаруусу анын келишин эмес, белгилүү бир убакыт аралыгын камтыган катышуусун билдирерин түшүнүшкөн (Матай 24:3).
1966-жылы «Жүрөгүңөрдө күү чертип ырдагыла» деген ыр китеп басылып чыкканда, башка адамдар же диний уюмдар чыгарган ырлардын баары алынып салынган. Ошол жылы Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнүн чакан оркестрин түзүп, ыр китептеги 119 ырдын ар бирин жаздырып чыгышкан. Алар жаздырган музыканын коштоосунда жыйналыштарда Кудайды даңктаган ырлар ырдала баштаган, айрым Жахабанын Күбөлөрү ал музыканы үйлөрүндө да уга алышкан.
2009-жылы Жахабанын Күбөлөрү «Жахабаны даңктап ырдагыла» деп аталган жаңы ыр китепти басып чыгарышкан. Ал китептеги ырлардын айрымдары көптөгөн тилдерде хор түрүндө жаздырылган. 2013-жылы болсо Жахабанын Күбөлөрү биринчи жолу балдарга арналган музыка менен коштолгон видеолорду чыгара баштаган. Алардын бири «Дайыма тилен» деп аталат. JW.ORG сайты аркылуу ал ырларды ай сайын миллиондогон адамдар жүктөп алышат.
Ушундай ырлардын чыгарылып жатканына көптөр ыраазы болушууда. Алсак, Жули деген бир аял «Жахабаны даңктап ырдагыла» деген китеп жөнүндө мындай деген: «Жаңы ырлар аябай сонун экен! Үйдө жалгыз болгондо сезимдеримди таамай берген ошол обондордун айрымдарын угам. Ошонун аркасында Жахаба менен болгон мамилем бекемделип, ага бүт жан-дилим менен кызмат кылууга ого бетер чечкиндүү болуп калам».
Ал эми Хезер деген бир эне «Дайыма тилен» деген видео 7 жана 9 жаштагы балдарына кандай таасир этип жатканы жөнүндө: «Бул видео балдарыма эртең менен же биз менен болгондо эле тиленбестен, Жахаба менен сүйлөшкүсү келген учурлардын баарында тилениши керектигин үйрөттү»,— деп жазган.
^ 3-абз. Чарлз Тейз Рассел (1852—1916-ж.) ошол кездеги Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдү жетектеген. Учурда алар Жахабанын Күбөлөрү деп аталат.