Мазмунун көрсөтүү

Көп тилге которулган сүрөттүү китепче

Көп тилге которулган сүрөттүү китепче

Монголияда жашаган Одвал деген апа өзүнүн канчада экенин так билбейт. Ал болжол менен 1921-жылы төрөлгөнүн айтат. Ал апа кичинекей кезинде ата-энесине мал багышып жүрүп мектепте бир эле жыл окугандыктан тамга тааныбай калган. Бирок жакында эле ал түстүү китепченин жардамы менен Кудай тууралуу жана анын тилин алгандарды эң сонун келечек күтүп турарын билген. Билгендери анын жүрөгү козгогон.

Жахабанын Күбөлөрү тарабынан 2011-жылы чыгарылган ал китепченин эки түрү бар. Экөө тең кооз сүрөттөргө бай, бирок бирөөндө экинчисине караганда сөздөр азыраак.

Жакында «Кудайды угуп, түбөлүк жашагыла» деген сөздөрү көбүрөөк китепчени 583 тилде, «Кудайды уккула!» деген экинчи китепчени 483 тилде окууга мүмкүн болот. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын жалпы декларациясы которулган тилдердин санына салыштыра турган болсок, ал декларация, 2013-жылдын октябрь айындагы маалыматка ылайык, 413 тилге которулган. Андан тышкары, бул эки китепче 80 миллиондой нускада басылып чыккан.

Бразилиядагы бир апа «Кудайды уккула!» деген китепчени көргөндө, кубанычы койнуна батпай: «Мага окшогондорду ойлогон кишилердин бар болгону кандай жакшы! Окуй албагандыктан мурун журналдарыңарды алчу эмесмин. Бирок бул китепчени алайын деп жатам»,— деген.

Францияда жашаган сабатсыз Брижит деген бир аял: «Күндө бир маал китепченин сүрөттөрүн карап чыгам»,— деп айткан.

Түштүк Африкада жашаган бир Жахабанын Күбөсү мындай деп ой бөлүшөт: «Кытайлар жашаган аймакка ылайыктуу боло турган мындан өткөн жакшы китепче жок деп ойлойм. Мен билим деңгээли ар кандай адамдар менен, мисалы, университетти бүткөн, билими жогору адамдар менен да, анча сабаттуу эмес адамдар менен да сүйлөштүм. „Кудайды угуп, түбөлүк жашагыла“ деген китепче Ыйык Китептеги негизги окууларды кыска убакыттын ичинде эле түшүндүрүп берүүгө жакшы жардам берүүдө. Буга жарым саат эле жетиштүү болот экен».

Германияда пионер болуп кызмат кылган эки Жахабанын Күбөсү жогорку билими бар бир жубайлар менен Ыйык Китепти изилдешет. Китепчени окуп көргөндөн кийин күйөөсү ушунчалык таасирленгендиктен: «Эмнеге бул китепчени мага мурунураак берген жоксуңар? Китепчеде Ыйык Китептеги окуялар менен сөздөр оңой түшүндүрүлөт экен»,— деген.

Австралияда жашаган бир дудук аял мындай деген: «Мен көп жылдар бою кечилдер үйүндө жашадым. Дайыма чиркөө жетекчилеринин чөйрөсүндө жүрчүмүн. Бирок алардын бири да мага Кудайдын Падышалыгы жөнүндө эч нерсе айтып беришчү эмес. Бул китепчедеги сүрөттөрдүн жардамы менен Матай 6:10до айтылгандар чынында эмнени билдирерин түшүндүм».

Жахабанын Күбөлөрүнүн Канададагы филиалы мындай деп жазган: «„Кудайды уккула!“ китепчеси крио тилинде чыкканда Сьерра-Леонедеги адамдар Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китептеги кабарды таратууда чынында эле көп күч-аракет жумшаарын айтышты. Айрымдар: „Башкалар адамдарга силерчелик кам көрбөйт“,— дешти».