Мазмунун көрсөтүү

Көпкө уруна тургандай кылып жасалган Ыйык Китеп

Көпкө уруна тургандай кылып жасалган Ыйык Китеп

Жахабанын Күбөлөрү үчүн Ыйык Китептен өткөн баалуу китеп жок. Алар аны күн сайын окуп-изилдешет жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтууда дайыма колдонушат (Матай 24:14). Мурда алар колдонгон Ыйык Китептер тез эле жарактан чыгып калчу. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү, Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» 2013-жылы кайра каралган басылышынын мукабасы кооз, ошол эле учурда бышык болушу үчүн, көп күч-аракет жумшашты.

Бирок бул оңойго турган жок. Жахабанын Күбөлөрүнүн Уолкиллде (Нью-Йорк) жайгашкан басмаканасынын өкүлдөрү китеп мукабалоочу бир компаниянын президентине ушул маселе боюнча кайрылышканда, ал: «Силер каалагандай Ыйык Китепти басып чыгаруу мүмкүн эмес»,— деген. Анан: «Өкүнүчтүүсү, көп учурда Ыйык Китептер көпкө колдонула тургандай эмес, үстөлгө же текчеге кооздук үчүн коюп коюш үчүн эле чыгарылат»,— деп кошумчалаган.

«Жаңы дүйнө котормосунун» алгачкы басылыштары анча бышык эмес болчу. Мисалы, климаты ысык жерлерде колдонулган Ыйык Китептердин ажырап кеткен учурлары кездешчү. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнүн басмаканаларында иштегендер Ыйык Китепти климаты катаал болгон жерлерде да бат эле айрылып же ажырап кетпегидей кылып чыгарыш үчүн мукаба жасала турган материалдарды, желимдин (клей) түрлөрүн, китеп мукабалоонун ыкмаларын изилдеп көрүшкөн. Жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн негизинде белгилүү бир санда Ыйык Китеп басып чыгарып, бышыктыгын текшериш үчүн аларды тропикалык өлкөлөрдөн тартып Аляска сыяктуу климаты катаал өлкөлөрдө жашаган Жахабанын Күбөлөрүнө беришкен.

Алты айдан кийин ал Ыйык Китептер кайрадан текшерүүдөн өтүшү үчүн басмаканага кайтарылган. Ал жакта иштегендер ал Ыйык Китептердин мукабасын дагы жакшыртып, алардын жаңы партиясын кайра жөнөтүшкөн. Жалпы жонунан, 1 697 Ыйык Китеп жөнөтүлгөн. Алардын канчалык сапаттуу жасалганы ар кандай жолдор менен текшерилген. Алсак, бир Ыйык Китеп түнү бою жаанга калып калган, дагы бирөө бороон-чапкын болуп, суу каптаганда, сууда калган. Ушундай жагдай-шарттарда текшерилгендин натыйжасында ал Ыйык Китептердин бышыктыгы көрүнгөн.

2011-жылы, Ыйык Китептер текшерүүдөн өтүп жаткан маалда, Жахабанын Күбөлөрү Уолкиллдеги жана Эбинадагы (Жапония) басмаканаларына тез ылдамдыкта китеп мукабалаган жаңы шайман сатып алган. Алар Ыйык Китептерди белгиленген убакыттын ичинде басып чыгаруу үчүн эле эмес, эки басмаканада тең мукабасы окшош Ыйык Китептер басылып чыгышы үчүн ошондой кылышкан.

Жумшак мукаба жасоонун кыйынчылыктары

2012-жылдын башында эки басмаканада өңү кара жана кочкул кызыл болуп чыгарылган «Жаңы дүйнө котормосунун» мукабасы полиуретан деп аталган материалдан жасала баштаган. Алар жаңы орнотулган шаймандарга ага чейин колдонуп көрбөгөн желимди жана мукабанын ичине чапталчу материалды колдонушкан. Бирок Ыйык Китепти жогоруда айтылган материал менен мукабалашканда, анын тышы буралып, көрүнүшү аябай эле начар болуп калган. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жасалган иш-аракеттерден эч майнап чыкпай койгондуктан, мукабасы ошондой Ыйык Китептерди басып чыгарууну токтотуп коюшкан.

Мукаба материалдарын жасагандар тышы жумшак мукабалар адатта бурала берерин жана аны түз жаткыдай кылып жасоо дээрлик мүмкүн эмес экенин айтышкан. Бирок Жахабанын Күбөлөрү ошого карабай Ыйык Китептерге жумшак, ошол эле учурда көрүнүшү жагымдуу болгудай мукабаны жасоого умтула беришкен. Төрт ай бою желимдердин, материалдардын түрлөрүн колдонуп ар кандай мукабаларды жасап көрүшкөн соң, акыры, өздөрү көздөгөндөй — жумшак, ошол эле учурда түз жаткан — мукабаны жасашкан.

Иштин кайрадан токтотулушу

2012-жылдын сентябрь айында басмаканаларга жакында Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы чыгарын, ага чейин Ыйык Китептин ошол учурдагы басылышын чыгарууну токтотуп, ал эми кампадагылардын баарын таратып түгөтүү керектиги айтылган. Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралып чыккан басылышы Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) 2013-жылдын 5-октябрында өткөрүлө турган жылдык жолугушуусуна даяр болушу керек болгон.

Басмаканалар Ыйык Китептин электрондук текстин 2013-жылдын 9-августунда, жума күнү алып, кийинки күнү баса башташкан. Ыйык Китептердин биринчиси 15-августта басылып чыккан. Уолкиллдеги жана Эбинадагы басмаканадагылар Ыйык Китепти жылдык жолугушууга катыша тургандардын ар бирине жеткидей санда, 1 600 000ден ашуун Ыйык Китеп, басып чыгарыш үчүн жана алар убагында жеткирилиши үчүн жети жума бою 24 сааттан иштешкен.

Жаңы Ыйык Китептин кооз жана көпкө уруна тургандай болуп жасалганы, албетте, маанилүү. Бирок анын ичинде камтылган кабар андан да маанилүү. Бир аял жаңы Ыйык Китеп алганынын эртеси: «Бул Ыйык Китепти оңой түшүнөт экенсиң»,— деген.