Мазмунун көрсөтүү

Көрккө көрк кошкон сүрөттөр

Көрккө көрк кошкон сүрөттөр

Адабияттарыбыздын көркүн чыгарып, макалалардын маанисин даанараак ачып берген сүрөттөр кандайча тартылат? Бул суроого жооп алыш үчүн «Ойгонгула!» журналынын 2015-жылдын сентябрь айындагы санынын мукабасын мисалга алалы *.

  • Көрүнүшү. Патерсондогу (Нью-Йорк) Күзөт мунарасы коомунун билим берүү борборунда жайгашкан сүрөт бөлүмүндө кызмат кылгандар «Ким кимге кожоюн?» деген макаланы окуп чыккандан кийин ага ылайык келе турган бир нече сүрөт даярдашкан. Андан кийин аларды Жетектөөчү Кеңештин Жазуу комитетине көрсөтүшкөн. Алар ылайыктуусун тандашкан.

    Жазуу комитетине сунуш кылынган мукабалар

  • Тартылган жери. Сүрөтчүлөр банктагы кайсы бир көрүнүштү тартыш үчүн ал жакка барбай эле, Күзөт мунарасы коомунун билим берүү борборундагы кабылдамалардын бирин банкка окшоштуруп жасалгалап, сүрөттү ошол жерден эле тартып коюшкан *.

  • Сүрөткө тартыла тургандар. Чоң шаардагы банкка келген кардарлар болуп сүрөткө тартылган кишилер Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан тандалган. Адабияттарга бир эле кишинин сүрөтү кайра-кайра чыга бербешине көңүл бурулат.

  • Колдонулган буюм-тайымдар. Сүрөттөгү банкты башка өлкөдөгүдөй кылып көрсөтүш үчүн сүрөт бөлүмү ошол өлкөнүн акчасын тапкан. Сүрөтчүлөр жагдайды мүмкүн болушунча табигый, баарын кылдат ойлонуштуруп, көргөндөрдө «ушундай да болмок беле» дегендей ой туулбагыдай кылып тартышкан. Грэг деген сүрөтчү: «Сүрөт тартып жатканда „боло берет“ дегендей мамиле жасабайбыз»,— деп айткан.

  • Сырткы көрүнүш. Банктагы жагдайды сүрөткө тартканда каармандар өздөрүнүн кийимдерин кийип келишкен. Ал эми тарыхый жагдайды же окуяны чагылдырыш керек болгондо атайын кийимдер керек болот. Ошондо сүрөт бөлүмү андай кийимдерди издештирет же тиктирет. Каармандарды боёгондор сүрөттө берилиши керек болгон мезгилди, жагдайды эске алып боёшот. «Бүгүнкү күндөгү чоң ажыраткычтары бар каражаттар колдонулгандыктан, сүрөт тартканга мурункудан да жогорку талаптар коюлат. Кичинекей эле бир катанын айынан бүт сүрөт жарабай калышы мүмкүн»,— дейт Грэг.

  • Сүрөткө тартуу учуру. Сүрөтчүлөр жасалма банктагы жарыктын күндүзгүдөгүдөй болушуна кам көрүшкөн. Алар ар бир сүрөттү тартканда бөлмөдөгү жарыкты (ошону менен бирге күндүн, айдын, электр шаймандарынын жарыгын) жана тартылып жаткан жагдайды эске алышат. Грэг: «Сүрөт тарткан менен тасма тарткандын айырмасы бар. Бир эле сүрөт менен баарын: жагдайды, маанайды, жарыкты беришиң керек».

  • Максатка жараша өзгөртүлөт. Банктагы сүрөт даяр болгондон кийин сүрөт бөлүмүндө иштегендер, окурмандардын көңүлү сүрөттөгү акчага эмес, адамдарга бурулушу үчүн, ошол жерин так-даана көрүнбөгүдөй кылып коюшкан. Негизи, банк тартылган бөлмөнүн эшиги менен терезелеринин кашектеринин өңү кызыл болчу, бирок аны журналдын мукабасынын өңүндөй кылып жашылга өзгөртүп коюшкан.

Патерсондогу сүрөтчүлөрдөн сырткары, Австралия, Бразилия, Канада, Германия, Жапония, Корея, Малави, Мексика, Түштүк Африка сыяктуу алыскы өлкөлөрдө да адабияттарыбыз үчүн сүрөттөрдү тарткан сүрөтчүлөр бар. Ай сайын Патерсондогу сүрөт бөлүмүнүн архивине 2 500дөй сүрөт кошулуп турат. Алардын көбү «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарына чыккан. 2015-жылы, бул эки журналды чогуу алганда, 115 миллиондон ашык нускасы таратылган. Дагы көбүрөөк билиш үчүн Патерсондогу (Нью-Йорк) же дүйнө жүзүндөгү башка филиалдарыбызга келип кетсеңиз болот.

Жахабанын Күбөсү журналды көрсөтүп кабар айтып жатат

^ 2-абз. Адатта, бир мукаба үчүн сүрөттүн бир нече түрү тартылат. Бирок бирөө эле тандалат. Калгандары архивге салынып, кийинчерээк колдонулушу мүмкүн.

^ 4-абз. Эгер сүрөттү көчөдөн тартуу керек болсо, сүрөт бөлүмү бийликтегилерден уруксат алат. Ан үчүн сүрөткө канча киши тартылары, канча шайман, жарыктандыргыч шаймандардын кандай түрү колдонулары туурасында маалымат беришет.