Мазмунун көрсөтүү

JW.ORG сайты 300дөн ашуун тилге которулду!

JW.ORG сайты 300дөн ашуун тилге которулду!

Эгер ушул беттеги сайттын тили көрсөтүлгөн жерди бассаңыз, 300дөн ашуун тилдин тизмесин көрө аласыз. Бөлөк бир да сайт мынча көп тилге которулган эмес.

Башка белгилүү сайттар канча тилге которулган? Мисалы, 2013-жылдын июль айындагы маалыматка ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун расмий веб-сайты 6 тилге которулган. Ал эми Европа Бирлигинин «Европа» деп аталган расмий веб-сайты 24 тилге, «Google» 71 тилге, «Википедия» 287 тилге которулган.

Сайтыбызды 300дөн ашуун тилге которуу үчүн көп убакыт талап кылынат. Бул ишти дүйнөнүн чар тарабында жашаган, Жахаба Кудайды даңктагысы келген жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрү аткарып келет. Алар англис тилиндеги маалыматты өздөрүнүн эне тилине которуу үчүн атайын уюштурулган топтордо иштешет.

JW.ORG веб-сайтындагы 300дөн ашык тилге которулган маалымат 200 000ден ашуун бетте жайгашкан.

JW.ORG веб-сайты көп тилге которулгандан тышкары, абдан белгилүү. Муну дүйнө жүзү боюнча кайсы веб-сайтка канча киши кирип жатканын аныктап, сайттарга ошого жараша орун берген «Алекса» компаниясы тастыктаган. Андагы «Дин жана рухийлик» деген тилкеде 87 000дей сайт, анын ичинде дүйнө жүзүндөгү чоң-чоң диндердин сайттары, диний адабияттарды басып чыгарган жана башка ушу сыяктуу уюмдардын сайттары саналып өткөн. 2013-жылдын июль айындагы билдирүүгө ылайык, ошол тизмеде jw.org сайты экинчи орунду ээлеген. Ал эми биринчи орун Ыйык Китептин ар кандай котормолорун окууга мүмкүнчүлүк берген коммерциялык сайтка берилген.

2013-жылдын октябрындагы эсептөөгө ылайык, jw.org сайтына күнүнө орто эсеп менен 890 000ден ашык киши кирип турган. Биз ушул сайт аркылуу мындан ары да Ыйык Китептеги пайдалуу маалыматты бардык адамдарга бекер жеткирүүгө аракет кыла бермекчибиз.