Мазмунун көрсөтүү

60 күндүк мөөнөт

60 күндүк мөөнөт

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис 2013-жылдын 5-июлунда, жума күнү, Кошмо Штаттардагы Бейтел үй-бүлөсүнө төмөнкүдөй жүрөк толкуткан кулактандырууну окуган: «Бруклиндеги Адамс-стритт 117деги жана Сандс-стрит 90догу алты имаратты сатуу боюнча келишим түзүлдү *. Беш имаратты ушул жылдын август айынын ортосуна чейин бошотушубуз керек болот».

Алдыда тоодой иштер күтүп турган. Жалпы жонунан алганда, аянты эл аралык матчтар өткөрүлгөн 11 футбол аянтына барабар болгон ал беш имаратты 60 күндүн ичинде бошотуш керек болчу!

Ондогон жылдар бою ал имараттарда атайын жабдыктардын жардамы менен адабияттарды басып чыгаруу жана китептерди мукабалоо иштери жүргүзүлүп келген. Ал эми 2004-жылы жабдыктар Уолкиллге (Нью-Йорк) көчүрүлгөн.

Ошондон тартып ал имараттар устакана жана кампа катары колдонулуп калган. Аларда курулуш материалдары, кеңсе эмеректери, ошондой эле Кошмо Штаттардагы жана башка өлкөлөрдөгү куруу долбоорлоруна керектелүүчү жабдыктар сакталчу.

Имараттарды белгиленген мөөнөттүн ичинде бошотуш үчүн баарын ийне-жибине чейин жакшылап пландаштыруу керек болчу. Эмнени сатып, эмнени коюш керектигин, эмнеден арылыш керектигин аныкташ үчүн эң алгач имараттагы мүлктүн баары тизмеге алынган. Андан соң көчүрүү учурунда иштер уюшкандыкта жана коопсуз жүргүзүлүшү үчүн тийиштүү чаралар көрүлгөн.

Ал иш ийгиликтүү ишке ашыш үчүн, Бейтел үй-бүлөсүндөгүлөр күжүрмөн эмгектенген. Аларга кол кабыш кылууга Кошмо Штаттарынын чар тарабынан дагы 41 ыктыярдуу жардамчы чакырылган. Алардын көбү жаш, бойдок, алдуу-кубаттуу уландар болгон. Алар туугандарын, досторун, жумушун калтырып, алты жумадан он жумага чейин иштеп кетүүгө макул болушкан. Алар кандай сезимде болушкан?

Вашингтон штатынан келген 21 жаштагы Жордан мындай деген: «Бейтелде кызмат кылууга мурда эле арыз толтурсам болмок экен деп өкүнүп калдым».

Техас штатынан келген 20 жаштагы Стивен болсо: «Мен өзүмдүн күжүрмөн эмгектенген, бактылуу, чоң үй-бүлөнүн мүчөсү экенимди сезе алдым»,— деген.

23 жаштагы Жастин мындай деп жазган: «Бейтелде өзүмдү үйүмдө жүргөндөй эле сездим. Кудайдан келген акылмандыктын, сүйүүнүн молдугу, Бейтелде кызмат кылгандардын бир туугандык мамилеси өзүнчө бир керемет экен».

Пуэрто-Рикодон келген 20 жаштагы Адлер мындай деген: «Мага эртең менен эрте туруш кыйын болсо да, мен түбөлүккө созула турган достукка ээ болдум».

21 жаштагы Уильям болсо мындай деп айткан: «Бейтелде кызмат кылуу жөнүндө бала чагыман эле кыялданып келсем да, ал жакка барып калсам, үйдөгүлөрдү сагынып, жалгызсырап кыйналам го деп ойлочумун. Бирок такыр андай болгон жок. Бейтелде өткөргөн күндөрүм жашоомдогу эң бактылуу учурларымдын бирине айланды. Мындан жакшы жер жок деп ойлойм!»

Ыктыярдуу жардамчылар белгиленген мөөнөттүн ичинде пландаштырылган жумуштарды бүтүрүүгө жетишкенби? Албетте! Жада калса, бардык ишти 55 күндүн ичинде эле бүтүрүп салышкан.

^ 2-абз. Сандс-стрит 90догу имарат 2017-жылы бошотулат.